"Тазалыктын" жетекчиси: шаардыктар таштанды ыргытпа деген жумушчуну уруп коёт!

© Sputnik / Данияр Сандыбаев"Тазалык" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Рыспек Сарпашев. Архив
Тазалык муниципалдык ишканасынын жетекчиси Рыспек Сарпашев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектин кайсы жери чындап таза, кайсы жерин жыйнап тазалоо куру убара экенин Sputnik Кыргызстан кабарчысы Асел Минбаева билип көрдү.

Мен бир жолу мындай бир окуяга күбө болдум: капкара, жадагалса терезелери да караңгылатылган килтейген машина түз эле келип Бишкектеги курулуштардын бирин торой токтоду. Таштанды чыгарчу унаа эч жакка жыла албай, жол ортосунда калды.

— Байке, машинаңызды жылдырып коюңузчу, тийип кетпейин.

— Эй, азыр сага тийип коюп жүрбөйүн!

— Байке, мен жакшы эле сүйлөп атам го …

Тиги байке аны угуп да койгон жок, терезе айнегин көтөрүп алып тим болду. 

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Рыспек Сарпашев мындай көрүнүш байма-бай кайталанып турарын айтат. 

— Ооба, аны билем деңизчи, бирок сиздин өз оозуңуздан угайын дегем. Сиз жанагы Сарпашев менен тууган эмессизби?

— Жок, жөн эле фамилиябыз окшош. 

— Чоңдордун арасында туугандарыңыз да жок?

— Жок. 

© Sputnik / Данияр Сандыбаев"Тазалык" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Рыспек Сарпашев
Директор муниципального предприятия Тазалык Сарпашев Рыспек - Sputnik Кыргызстан
"Тазалык" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Рыспек Сарпашев

— Ак сөөк эмес экениңизди билем. Кызмат жолуңуз кантип башталды эле?

— Мен Бишкекке 1994-жылы Талас облусунун Бакайыр айылынан келгем. Ал кезде жумуш жок болчу да. Алгач тандыр нан жаап жүрдүм. Бир жылдан кийин Биринчи май районунун көрктөндүрүү жана жашыл чарба комбинатында санитардык тазалоо мастери болуп орноштум. 

— Ал эмне?

— Ал "Тазалыктын" ордундагы мурунку ишкана. Мен анда 24 жашта болчумун. Көчө шыпырып, чөп чаптым. Атайын жабдыктар жок болгондуктан, газондордо чөп чабыш оңой эмес эле. 

Уюштуруучулар сахнаны жыйнап жатат - Sputnik Кыргызстан
Майрамдан кийинки аянт — борбордук аянттын түнкү көрүнүшү
"Манастын" 1000 жылдыгына даярдык жүрүп жатканда келгем. Мага Кызыл-Аскердин аймагы тийди. 1995-жылга чейин ал жакта деги эле короо шыпыргычтар жок болчу. Таштандылар жыл санап тазаланбай, үйүлүп жатчу. Биз 25 күн тынбай иштеп, көчөнү акыры тазалаганбыз. 

Күнү-түнү иштөөгө туура келген. Ал жылдары бул оңой эмес болчу: жүктөгүчтөр кудайдын кутту күнү ичип, ишке да чыкпай коюшчу. Андыктан таштандыларды өзүбүз жүктөгөнгө аргасыз элек. 

— Кызык экен… Адатта 24 жашта жигит болуп-толуп турат эмеспи. Бирөөнүн калтырган таштандысын тазаламак тургай, тоону томкоргусу келет го?

— Ал жылдары кыргыздар короо тазалап иштегенден намыстанчу. Абал 2000-жылдан кийин өзгөрүп, эми мага окшогондор көп. Мен үчүн иштеген кызык болчу. Эсимде, Жибек Жолунда Жаш гвардиядан батыш автобекетине чейин арыктар жок эле. 

Бир айдоочу экөөбүз чукулап жүрүп, арык таап алганбыз. Ал жөн эле көмүлүп калыптыр. Ал жерден күн сайын эки машинадан таштанды чыгарып отуруп, тазалаганбыз. 

— Сасыгына кантип чыдачу элеңиз?

— Биз айылдыкпыз да! (күлөт).

— Жаңы эле тазаладыңыз дейли. Артыңыздан эле кагаз-кугаз ыргыта турган киши чыгат да. Ыза болосузбу?

— Албетте! Таштанды чыгаргандардын ишин мэриядан башка эч ким барктабайт. Ошту көрдүңүз беле? Ал Бишкектен бир топ таза. Ар бир тургун эртең менен турар замат короосун, үйүнүн тегерегин шыпырып тазалап, анан гана тамакка отурат. Бирөө тазалыкты сактабай турган болсо, кошуналары жаалап кетет. 

© Sputnik / Данияр СандыбаевРыспек Сарпашев: биз азыр 5 300 контейнер сатып алдык. Шаардын эски бөлүгүнө жаңы контейнерлер коюлат. Эскилерин биз жаңы конуштарга орнотобуз. Жаңы жылга чейин үлгүрөбүз деп турам
Директор муниципального предприятия Тазалык Сарпашев Рыспек - Sputnik Кыргызстан
Рыспек Сарпашев: биз азыр 5 300 контейнер сатып алдык. Шаардын эски бөлүгүнө жаңы контейнерлер коюлат. Эскилерин биз жаңы конуштарга орнотобуз. Жаңы жылга чейин үлгүрөбүз деп турам

Бизде болсо үйүнүн тегерегин тазалап жыйнаган эч ким жок. Баары тең айына 22 сом үчүн "Тазалык" ушунун баарын жасашы керек деп ойлошот. Бирок биз ар бир короонун түбүндөгү таштандыны жыйнаганга милдеттүү эмеспиз да! Биз муниципалдык аймак үчүн гана жооп беребиз. 

— Мен Жибек Жолунда жашайм, күн сайын жумушка барам. Байкаганым, жолду бойлой ар бир 5-10 метр сайын эле таштанды салынган баштыктар жатат. Аларды ошол жердеги тентиген иттер шимшилеп жатып, бир маалда дарбыздын кабыгы, ар кандай акыр-чикир заматта жерге жайнап кетет. Бул борбордук көчөлөрүнүн бири эмеспи?

— Жибек Жолунан төмөн жайгашкан үйлөр жөнүндө айтсак, ал жакка жумасына бир жолу машина келип, таштандыларды чыгарып кетет. Бирок мен айтып жатпайынбы, биздин менталитет башка: мага десе, чоң жолдо жата берсин, менин короомдо болбосо болду деген түшүнүк жашайт. Баары адамдарга жараша. 

Бизде Бах көчөсү менен Ахунбаевден өйдө бир жер бар. Ал жакка ишемби күнү машина келип таштандыларды алып кетет. Ишембиден башка күнү бир да киши көчөгө кенедей кагаз таштабайт! Үлгү болгудай көчө.

— Бишкектин кайсы жери баарынан кир?

— "Арча-Бешик" конушу. Таштандыны чыгарып кетесиң, эки саттан кийин эле кайра жайнап калат. Бирок ал жерде убактылуу тургандар көп, аларга баары бир. 

— Таштандынын арасында эмне гана жок! Даарат кагаз, курттаган эт, дарбыздын кабыктары, башка ирик-чирик…. Иштегендер ошонун баарын колу менен териши керек. Контейнер коюп койсо болбойбу?

Тазалык муниципалдык ишканасына таштандыларды чогултуучу 32 унаа берилди. - Sputnik Кыргызстан
"Тазалык" таштанды чогултуучу 32 унаага ээ болду
— Биз азыр 5 300 контейнер сатып алдык. Шаардын эски бөлүгүнө жаңы контейнерлер коюлат. Эскилерин биз жаңы конуштарга орнотобуз. Жаңы жылга чейин үлгүрөбүз деп турам.

Мунун баарына убакыт керек. Көйгөйлөр да бар: эл таштанды челектердин үйүнө жакын турушун каалабайт, ээн жер жок. Азыр ар бир райондо комиссия түзүлүп, ушул маселенин үстүндө иштеп жатат. 

— Ишиңизде кызыктуу окуялар болуп турабы?

— 2000-жылдардын башында аянтта ири иш-чарага даярдык көрүлүп, чоң подиумдар орнотулуп жаткан. Беш күн бою үй көрбөй күнү-түнү иштегенбиз. Көз карандысыздык күнүнүн алдында болчу. Түнкү саат 2-3төрдө жумушчуларды кыдырып, эч кимисин таппай койдум. Он сегиз кишинин бири да ордунда жок. Подиумдун алдына баш баксам, баары ошол жакка жатып уктап калышыптыр! Ал тургай бирөө ошол жерде мык кагып жатып, колунда мык-балкасын кармаган бойдон уктаптыр! 

— Тилдедиңиз анан?

— Жок! Чарчашты да, эмнеге урушмак элем.

— Коммуналдык кызматтарга наразылык көп айтылат. Басма сөздөрдө, соцтармактарда силердин кызматкерлерге айтылган сын арбын, шаар кир, тазалагылары келбейт дегендей…

— Чындык бар. 2015-жылдын сентябрына чейин таштандыларды чыгаруу жагынан көйгөйлөр болду. Азыр маселенин 90 пайызы чечилди. Эгер мурун күнүнө вотсап аркылуу таштанды чыгарылбайт деген даттануулардын саны 20га жетсе, азыр бир-экиден эле.

Кыйынчылыктар бар, машина сынып калат. Бирок 2-3 саат кечигип болсо да, баары бир таштандыны чыгарабыз. 

— "Тазалыкта" иштегендердин жумуш күнү кандай?

— Күнүнө орто эсеп менен 10-12 саат. 

— Каалап келгендер көппү? 

— Азыр бизде такыр бош орун жок. Короо шыпыргыч болуп орношуу да кыйын. Себеби жарым жылча мурун маяна маселесин чечип алдык. Баары өз убагында төлнөт. Мурда 2-3 айлап кеч берилчү да. 

Бизде иштегиси келгендер көп. Күн сайын жумушка орношкону 10-15 киши келет. Алар менен күнү-түнү иштейбиз. Алар мени билет, мен аларды билем. Мени уят кылбаганга аракет кылышат. 

— Азыр силердин ишканада айлык акы канча?

— Жүк ташуучулар 20 миңге чейин алышат, короо шыпыргандардыкы 7500. Бизде иштегениңе жараша төлөнөт. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЭгемендүүлүк майрамынан кийин "Ала-Тоо" аянтын жыйнаган "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери
Эгемендүүлүк майрамынан кийин Ала-Тоо аянтын жыйнаган Тазалык ишканасынын кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
1/3
Эгемендүүлүк майрамынан кийин "Ала-Тоо" аянтын жыйнаган "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери
© Sputnik / Табылды КадырбековЭмгеги бааланбаганы менен дал ушул адамдардын арты менен Бишкек көркүнө чыгып турат
Эмгеги бааланбаганы менен дал ушул адамдардын арты менен Бишкек көркүнө чыгып турат - Sputnik Кыргызстан
2/3
Эмгеги бааланбаганы менен дал ушул адамдардын арты менен Бишкек көркүнө чыгып турат
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Тазалыкта" иштөөнү каалагандар арбын. Азыр бул кызматкерлердин айлык акы маселеси да жолго коюлган
Тазалыкта иштөөнү каалагандар арбын. Азыр бул кызматкерлердин айлык акы маселеси да жолго коюлган - Sputnik Кыргызстан
3/3
"Тазалыкта" иштөөнү каалагандар арбын. Азыр бул кызматкерлердин айлык акы маселеси да жолго коюлган
1/3
Эгемендүүлүк майрамынан кийин "Ала-Тоо" аянтын жыйнаган "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери
2/3
Эмгеги бааланбаганы менен дал ушул адамдардын арты менен Бишкек көркүнө чыгып турат
3/3
"Тазалыкта" иштөөнү каалагандар арбын. Азыр бул кызматкерлердин айлык акы маселеси да жолго коюлган

— Жакында эле Көз карандысыздык күнү өтүп, аянттан жети машина таштанды чыгарышты! Чынын айтсам, ыза болорлук иш! Таштанды челектер турат го, бөтөлкөнү жерге ыргытпай койсо болбойбу?!

— Таңкы төрттөрдө тазалап болдук. "Ала-Тоо" аянтын эле эмес, Эски аянтты, Эмен сейил багын да, ошол аймакты толук тазаладык. 

Жыйырма жылдан бери иштеп, мен андайга ызаланбай калгам. Көндүк. Бүгүн эле, мына, бир жерде отургучтар менен таштанды челектерди сындырып кетишиптир. Бирок биз бутунун түбүнө балмуздактын кабыгын таштап койгон жигитти көзгө сая албайбыз да! 

— Эмнеге? Мен көзүн чукуп эле алмакмын!

— Алар атайлап кайра дагы бир нерсе ыргытат. Муштап жибергендери да болот. 

— Коюңузчу?! Ошондой да болду беле?

— Албетте! Былтыр шаардык оорукананын аймагында биздин жумушчу бир кишиге таштандыны челекке салбаганы үчүн эскертүү жасаса, тиги жыйырма мүнөттөн кийин достору менен айдоочуну ушундай сабаптыр дейсиз, үч ооруканада жатты. 

— Зөөкүр го… кармалдыбы анан?

— Жок. Биз арыз менен милицияга кайрылганбыз, баары бир кармашкан жок. Машинасынын номери жок экен. 

— Мындайлар көп болобу?

Кырчын жайлоосундагы Көчмөндөр ааламы фестивалы - Sputnik Кыргызстан
Кырчын жайлоосунан 60 тонна таштанды чыкты
— Көп эле. Эки айда бир жолу. Ошон үчүн жумушчулар эскертүү жасагандан коркот. Айрымдар короо шыпыруучулар менен жүк салуучуларды киши катары эсептебейт, бул жакта экинчи сорттогу адамдар иштейт деп ойлошот. 

— Мүмкүн таштанды челектер жетпейт чыгар?

— Жыл сайын көчөлөргө 200-300 урна орнотобуз. Бирок бул жардам бербейт. Эл таза шаарда же кир шаарда жашоону өзү чечиши керек.

— Бир жолу мэриянын бир кызматкери журналисттин мындай кымбат урнанын кереги эмне деген суроосуна жооп берип жатып, аларды уурдап кетпеши үчүн жерге бекитип орноткон кымбат деген эле. Көтөрүп да кетишеби?

— Ананчы! Евроконтейнерлерди жакында эле орното баштаганбыз, бирок бешөөнү уурдатып жибердик! Контейнерлердин дөңгөлөктөрүн чечип кетишет, эмитен эле 50сү жок. Азырынча уурулардын бири да кармала элек. 

— Биздин маекти аягына чейин чыдап окуп, ушул саптарга жеткен шаардыктарга эмне айтат элеңиз?

— Көрүнгөн жерге таштанды ыргытпагыла дейт элем. Дагы үйүнөн таштанды салынган баштыкты көтөрүп чыгып, контейнерге баратып, анан эмнегедир айнып кетип, орто жолго таштап койгондорго айткым келет! Силер бизге эмес, өзүңөргө баш оору тилеп алып жатасыңар! Үйүңөрдүн тегереги акыр-чикир, балдарыңар болсо ошолорду тебелеп ойноп жүрөт. Биз го анын баарын терип-жыйнап кетебиз, бирок сиз кандай адам экениңизди көрсөтүп жатасыз. 

Же, мисалы, контейнерге курулуш таштандыларын ыргытасыңар. Гезит бетинде жайнаган жарнамадан атайын унаа чакырып, бетон менен кирпичтин калдыктарын чыгарып кеткендин ордуна биздин жабдууларды талкалап жатасыңар. 

Бизде цилиндрлер, манипуляторлор керектен чыгып калат. Бир цилиндрдин баасы 30 миң сом! Акча үнөмдөйм деп бул жөнүндө ойлонбойсуңар, бирок таштанды ташуучу унаалар да силердин акчага оңдолот да! Кеп акчада деле эмес. Кеп адамдын тарбиясы, тегеректегилерге болгон урматы жөнүндө болуп жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0