Айт намазда 3 миңден ашык милиционер коомдук тартипке көз салат

© Sputnik / Табылды КадырбековАйт намазындагы милиция кызматкери. Архив
Айт намазындагы милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
12-сентябрда Кыргызстан боюнча Курман айт белгиленет. Бул күн өлкө аймагында эс алуу күнү деп жарыяланган.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Бишкек шаарында айт намаз учурунда коомдук тартипти үч миңден ашык милиция кызматкери көзөмөлдөй турганын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

12-сентябрда Кыргызстан боюнча Курман айт белгиленет. Бул күн өлкө аймагында эс алуу күнү деп жарыяланган. Борбор калаада айт намазы Эски аянтта саат 8.00дө окулат.

"Таң эртеден намаз окулуп бүткөнгө чейин милиция кызматкерлери коомдук тартипти жана жол кыймылын көзөмөлдөшөт. Укук коргоо органдары намаз окулган ар бир мечиттин аймагын күзөтүшөт", — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары, айт намазы учурунда бир нече көчөлөрдө жол кыймылына чектөө киргизилет.

Алар:

  • Чүй проспектиси — Тыныстановдон Панфиловго чейин;
  • Абдымомунов көчөсү — Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейин;
  • Орозбеков көчөсү — Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин;
  • Разаков көчөсү — Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин жабык болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0