Кырчын жайлоосунан 60 тонна таштанды чыкты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүКырчын жайлоосундагы "Көчмөндөр ааламы" фестивалы
Кырчын жайлоосундагы Көчмөндөр ааламы фестивалы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык-Көл облусунун мамлекеттик орган кызматкерлери менен ыктыярчылар эртең менен бир нече чакырымга созулган аянтта тазалоо иштерин баштаган.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Көчмөндөр оюндарынын маданий бөлүгү өткөн Кырчын жайлоосунан 60 тонна таштанды чыкканын ДКО катчылыгы билдирди.

Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Армениялык спортчулар Көчмөндөр оюнуна катышканы үчүн жазаланат
Эскерте кетсек, Ысык-Көлдүн Кырчын капчыгайында 4-7-сентябрь күндөрү этношаарча уюштурулуп, "Көчмөндөр ааламы" фестивалы өткөн. Жайлоого 300гө чукул боз үй тигилип, жети дубан менен Бишкек жана Ош шаарларынын тургундары өз өнөрлөрүн көрсөтүшкөн.

Кечээ, 8-сентябрь күнү 600 киши — Ысык-Көл облусунун мамлекеттик орган кызматкерлери менен ыктыярчылар эртең менен бир нече чакырымга созулган аянтта тазалоо иштерин баштаган. 

"Натыйжада этнофестиваль өткөн жай толугу менен тазаланып, муниципалдык кызматтар тарабынан чыгарылды. Эки жүк ташуучу унаа жалпы жонунан 10 каттам менен 60 тонна таштанды чыгарган", — деп айтылат маалыматта.

Тазалоо иштерине муниципалдык кызматтар менен тазалоочу атайын техника тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0