Москвада өрттөнүп кеткен КР жарандарынын айлыктары бериле баштады

© AFP / VASILY MAXIMOVМосквадагы басмаканадагы болгон өрт. Архив
Москвадагы басмаканадагы болгон өрт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
27-августта Москвадагы басмаканада өрт чыгып, анда 14 кыргызстандык кыз-келин жана россиялык үч аял каза болгон.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги менен КР Мамлекеттик миграция кызматынын биргелешкен ишинин натыйжасында Москвада күйүп кеткен басмаканада иштеген КР жарандарынын айлыктары бериле баштады. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.

Москвадагы басмаканада өрт чыккан жер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвадагы өрттөн жабыркаган кыргызстандык мекенине кайтты
Эске салсак, 27-августта Москвадагы басмаканада өрт чыгып, анда 14 кыргызстандык кыз-келин жана россиялык үч аял каза болгон. Басмаканада иштеген КРдин бир нече жараны сыртка чыгууга үлгүрүшкөн. Бул каргашадан улам Кыргызстанда аза күтүү жарыяланган.

Ошондой эле басмакананын жетекчилиги менен өрттөн каза болгон КР жарандарына жөлөк пул төлөп берүү маселеси да каралууда. Бул жаатта да иштер жасалып жаткандыгын КРдин Россиядагы элчилиги баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0