Ысык-Көлдө ШКУнун күч кызматкерлери машыгуудан өтөт

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүШКУ машыгуусу. Архив
ШКУ машыгуусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Машыгуу Ысык-Көл облусунда өтүп, ага беш мамлекеттин өкүлдөрү катышат.

БИШКЕК, 9-сен. — Spunik. Шанхай кызматташтык уюмунун "Тынчтык миссиясы" боюнча машыгуулар 15-сентябрда Кыргызстанда башталат. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынан кабарлашты.

ЖККУ аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн аскерлери атайын машыгууда өтүшүүдө
"Тынчтык миссиясы — 2016" антиреррордук аскерий машыгуулар Ысык-Көл облусундагы "Эдельвейс" борборунда өткөрүлөт. Анда Кыргызстан, Казакстан, Россия жана Тажикстандын жоокерлери катышат. 

Машыгуунун алкагында күч кызматкерлери терроризм, экстремизм жана сепаратизм менен күрөшүү боюнча тажрыйбаларын бекемдейт. 

Шанхай кызматташуу уюмунун мүчөлөрү болуп Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттери болуп эсептелет. Регионалдык терроризмге каршы структура 2004-жылы Ташкентте негизделген. 

Мындан тышкары, Өзбекстандан башка беш мамлекет 1997-жылы түзүлгөн "Шанхай бешилтиги" келишимине кол койгон. Анын негизги максаты аскер багытында тыгыз иштешүү болуп эсептелет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0