Үңкүр-Тоо: өзбек милиционерлери кете элек

© Фото / пресс-служба УВД Джалал-Абадской областиОсвобождение 4 граждане КР, ранее задержанные сотрудниками МВД РУз на Унгар-Тоо
Освобождение 4  граждане КР, ранее задержанные сотрудниками МВД РУз на Унгар-Тоо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбек тараптын Орто-Токой суу сактагычынын айланасындагы милиция постторун алып салуу талабы өзгөргөн жок.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу аймакка келген өзбек милиция кызматкерлери Үңкүр-Тоодон кете элек. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүн түнү Ала-Бука районунун Баймак жеринде өзбек тарап буга чейин кармап кеткен Кыргызстандын төрт жаранын кайтарып берген. Алардын абалы жакшы, учурда үйлөрүндө экени айтылды. 

Ал эми кыргыз чек арачылары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. 

"Үңкүр-Тоодогу Өзбекстандын 20 милиционери кете элек. Алардын Орто-Токой суу сактагычынын айланасындагы милиция постторун алып салуу талабы өзгөргөн жок", — деп айтылат билдирүүдө.

Освобождение 4  граждане КР, ранее задержанные сотрудниками МВД РУз на Унгар-Тоо - Sputnik Кыргызстан
Үңкүр-Тоодон өзбек милициясы кармап кеткен КРдин төрт жараны бошотулду
Буга чейин кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу жерде жайгашкан Үңкүр-Тоого коңшу өлкөнүн жети милиция кызматкери тик учак менен конгон. Мындай кадамды түшүндүрүү талабына өзбекстандыктар буга чейин кыргыз чек арачылар тарабынан кармалган өзбек милиционерин бошотуу жана Орто-Токой суу сактагычынын айланасындагы милиция постторун алуу талабын коюшкан. Сүйлөшүүлөрдөн соң аталган кызматкер бошотулган. 24-август күнү коңшу өлкөнүн чек арачылары Үңкүр-Тоодо орнотулган телемунарада иштеген төрт кыргызстандык адисти кармап кетип, аларды Яңги-Курган райондук милициясына алып барган. Андан соң өзбек милиционерлеринин саны 20га жеткен.

Учурда кыргыз-өзбек чек арасында абал туруктуу экени маалымдалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0