Кыргыз-кытай чек арасы бир жумага жабылат

© Sputnik / Александр Гейфман / Медиабанкка өтүүЧек ара. Архив
Чек ара. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытай тарап өлкөдө "Ай майрамы" жана мусулмандардын "Курман айт" майрамы белгиленгендиктен чек араны убактылуу жабууну суранган.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Кыргыз-кытай чек арасы Кытай тараптын демилгеси менен 11-сентябрдан 17-сентябрга дейре жабыла турганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Премьер-министр Кыргызстана Сооронбай Жээнбеков провел рабочее совещание по ситуации, сложившейся вокруг горы Ункур-Тоо - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: өзбек тарап чек ара маселесин чечүүдө ымалага келүүгө даяр
Кытай тарап өлкөдө "Ай майрамы" жана мусулмандардын "Курман айт" майрамы белгиленгендиктен, "Эркечтам" өткөрүү пунктун 11-сентябрдан баштап 17-сентябрга чейин убактылуу жабууну сунуштаган. Аталган чек ара өткөрүү пункту өз ишин 18-сентябрдан тарта улантат.

Ал эми "Торугарт" өткөрүү пункту транспорт жана жүк ташуучу унаалар үчүн 15-сентябрда убактылуу жабык болот. Өз ишин 16-сентябрда баштап жандантат.

Жаңылыктар түрмөгү
0