Муфтият өз кызматкерлери үчүн улуттук колориттеги кийимге сынак жарыялады

© Фото / Белек НурлановЗыяратчылардын формасын презентациялоо. Архив
Зыяратчылардын формасын презентациялоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынакка катышуучу кийим жасалгалары тыкан, жарашыктуу, кыргыз улуттук маданиятынын белгилерин, өзгөчөлүктөрүн камтыган жана шарият талаптарына дал келе тургандай болуусу шарт.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Муфтият "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду менен биргеликте дин кызматкерлеринин атайын формасын жана мусулман айымдар үчүн улуттук колориттеги кийимдин жасалгасын иштеп чыгууга сынак жарыялайт. Бул тууралуу муфтияттын сайтында кабарланды.

Майрамдык айт намаздары адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Курман айт намазы Бишкекте Эски аянтта окулат
Сынакка жергиликтүү өндүрүшчүлөр, дизайнерлер, сүрөтчүлөр жана кийим жасалгалоо менен алектенген адистер чакырылат.

Сынакка катышуучу кийим жасалгалары тыкан, жарашыктуу, кыргыз улуттук маданиятынын белгилерин, өзгөчөлүктөрүн камтыган жана шарият талаптарына дал келе тургандай болуусу абзел.

Жасалга иштер 2016-жылдын 1-ноябрына чейин "Ыйман" фондунун кеңсесинде же info@iyman.kg электрондук дареги аркылуу кабыл алынат.

Сынак комиссиясынын чечими боюнча мыкты деп тандалган долбоордун авторуна 100 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык тапшырылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0