Көчмөндөр оюнунун жабылыш аземине билеттер бүгүн түнгө чейин сатылат

© AFP / Vyacheslav OSELEDKOДүйнөлүк көчмөндөр оюнун ачылыш аземи. Архив
Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун ачылыш аземи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билет сатып алуу үчүн жарандардын өздүгүн тактаган паспорт, айдоочулук күбөлүк сыяктуу документтер талап кылынат.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун эртең, 8-сентябрда боло турган жабылуу салтанатына билеттер бүгүн түнкү саат 12.00гө чейин сатыла турганын ДКО катчылыгы билдирди.

Көчмөндөр оюндарында Кыргызстан менен Түркиянын командалары жирит оюнунда - Sputnik Кыргызстан
ДКО: жирит оюну боюнча биринчи орунду КР менен Түркия бөлүп алды
Маалыматка ылайык, билеттер Бишкек шаарында Чүй проспектиси, 96 дареги боюнча жана Чолпон-Атадагы ипподромдун кассасында сатылууда. Баасы ат майдандагы орундуктардын жайгашышына жараша 300 сомдон 2000 сомго чейин сатылып жатат.

Билет сатып алуу үчүн жарандардын өздүгүн тактаган паспорт, айдоочулук күбөлүк сыяктуу документтер талап кылынат.

Билет саткан кассаларда атайын техникалар орнотулган. Анда жарандар сүрөткө тартылып, системага сакталып калат. Жарандардын аты-жөнү документтеги жазууга шайкеш келүүсү абзел. Бул процесстерден кийин ар бир жаранга өзүнчө код берилип, ал билетке чапталат. 

Аземге барганда жарандардын пин-кодун машинага такаганда экрандан алардын өздүгү тууралуу маалымат чыгат. Жарандын бети кайрадан сүрөткө тартылып, мурдагы сүрөтү менен салыштырылат. Дал келсе кирүүгө уруксат берилет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0