Окумуштуулар жыныстык катнаш улгайган эркектер үчүн зыян экенин далилдешти

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүУлгайган жубайлар. Архив
Улгайган жубайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жашы өткөн эркектер үчүн төшөк мамилеси зыян алып келсе, аялдар үчүн, тескерисинче, пайдалуу.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. АКШнын окумуштуулары улгайган адамдардын жыныстык катнашка бат-бат баруусу ден соолукка зыян алып келерин далилдешти. Бул тууралуу РИА Новости Journal of Health and Social Behavior басылмасына шилтеме берүү менен жазып чыкты. 

Маалыматка караганда карыган эркектер үчүн төшөк мамилеси жүрөк оорусун пайда кылса, аялдарга, тескерисинче, пайда алып келет. 

"Бул ачылыш төшөк мамилеси ар качан пайдалуу деген элдин аң-сезиминдеги ишенимди четке кагып жатат. Таң калычтуусу — бир жумада эки же андан көп жолу жыныстык катнашка барган улгайган эркектер жүрөк оорусуна салыштырмалуу көп кабылары байкалды. Ал эми эң кызыктуусу — интимдик катнаш жакшы сезим алып келет деп ойлогондор жүрөк оорусуна андан бетер тез чалдыгышкан", — деп билдирди Мичиган штатындагы университеттин окумуштуусу Хуэй Лю. 

Отургучта отурган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар "ак кол, ак чүч" аялдар кайсы мамлекетте көп экенин аныкташты
Лю менен анын кесиптештери мындай тыянакка АКШнын атайын кызматы карылар тууралуу чогулткан маалыматын изилдөөгө алуу менен келишкен. Тажрыйбага жалпысынан 57 жаштан баштап 85 жашка чейинки 2,2 миң эркек менен аялдар катышкан. 

Төшөк мамилеси карыган эркектер үчүн зыян болгону менен аялдар үчүн тескерисинче пайдалуу экени байкалган. Тагыраагы бат-бат төшөк кумарына баткан аялдар кан тамырлардын алсыздашынан оолак болот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0