ДКО катчылыгы комузчулардан кечирим сурады

Жазылуу
Буга чейин Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында "Маш ботойду" аткарган комузчулардын бир бөлүгү "Манас" аэропортуна учуп келгенден кийин шаарга бара албай кыйналышканы маалымдалган.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. "Айгине" маданий-изилдөө борбору Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгынын транспорт үчүн жооптуу кызматкери кечирим сурагандыктан буга чейин жарыялаган кайрылуусун социалдык тармактан өчүрүп жатканын маалымдашты. 

Белгилей кетсек, 5-сентябрда Чолпон-Атадан Бишкектеги "Манас" аэропортуна учуп келген 280 комузчуну транспорт жоктугунан "Айгине" борборунун өкүлдөрү өз каражаттарына шаарга жеткиргенин маалымдашкан эле.

"Айгине" маданий-изилдөө борбору кечирим суроону бардык комузчуларга жана алардан ата-энесине жолдойт. Ушундан улам биз буга чейин жарыялаган видеокайрылууну өчүрдүк", — деп борбор социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.

Белгилей кетсек, 3-сентябрда башталган Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрга чейин уланат. 62 мамлекеттен келген спортчулар улуттук спорттун 26 түрү боюнча күч сынашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0