Москвадагы өрттөн каза тапкандардын балдарына депозиттик эсеп ачылды

© Sputnik / Табылды КадырбековМосквадагы өрттөн каза тапкан кыз-келиндердин сөөгүн алып келүү. Архив
Москвадагы өрттөн каза тапкан кыз-келиндердин сөөгүн алып келүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депозиттик эсеп энесиз калган 11 балага ачылды. Андагы каражаттарды балдар 18ге толгондо өздөрү гана колдоно алышат.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Москвадагы өрттөн каза тапкан кыз-келиндердин балдарына депозиттик эсеп ачылгандыгы тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. 

Эсеп энесинен айрылган балдарды колдоо үчүн ачылганы белгиленет. Буга чейин 14 кыз-келиндин алтоосунун балдары бар экени белгилүү болгон.

"Учурда эсеп 11 күнгө ачылды. Кыргыз улуттук университети менен Социалдык өнүгүү министрлигинин кызматкерлери бир күндүк маяналарын которууга даяр экендиктерин билдиришти", — деп айтылат маалыматта. 

Атайын эсеп ар бир балага өзүнчө бөлүнгөн. Чогулган каражаттар депозиттик эсепте болуп, аны балдар 18 жашка толгондо өздөрү гана колдоно алышат.

Депозиттик эсеп: 

  • Адилет Нурланбеков, 18 жашта — Эсеп: 1290063490000046. Карт. эсеп №958841. "РСК Банк" Кеминдеги филиалы.
  • Сайкал Нурланбекова, 9 жашта — Эсеп: 1290063490000046. Карт. эсеп №958961. "РСК Банк" Кеминдеги филиалы.
  • Нурайым Асакунова, 10 жашта — Эсеп: 1290173470000078. Өздүк эсеп: 01702417347100000800. "РСК Банк" Теплоключенкодогу филиалы. 
  • Айдар Долоткелдиев, 6 жашта — Эсеп: 1290173470000078. Өздүк эсеп: 01702417347100000801. "РСК Банк" Теплоключенкодогу филиалы.
  • Нурсултан Каниметов, 18 жашта — Эсеп: 1030920202869449 (сом менен). "Кыргызстан коммерциялык банкы" Караколдогу филиалы. 
  • Ислам Каниметов, 10 жашта — Эсеп: 1030921100000120 (сом менен). Карт. эсеп: 000000390425. "Кыргызстан коммерциялык банкы" Караколдогу филиалы. 
  • Аслан Каниметов, 6 жашта — Эсеп: 1030921100000120 (сом менен). Карт.эсеп: 000000390433. "Кыргызстан коммерциялык банкы" Караколдогу филиалы.
  • Акжолбек уулу Кудратилла, 13 жашта — Эсеп: 1350442017434461. Ноокат районундагы "Айыл банк". 
  • Нурсейит Исмаилов, 2 жашта — Эсеп: 1350442012289724. Ноокат районундагы "Айыл банк". 
  • Абдыкапар кызы Жумагүл, 12 жашта — Эсеп: 129030347000071. Өздүк эсеп: 03002417347405000097. "РСК Банкы" Сузак районундагы филиалы. 
  • Марат Авазбеков, 10 жашта — Эсеп: 129030347000071. Өздүк эсеп: 03002417347405000098. "РСК Банкы" Сузак районундагы филиалы.

Москвада болгон өрт кырсыгы боюнча түзүлгөн хронология менен Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан таанышсаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0