Италиялык Давид Монтелеоне: Кыргызстандан кеткибиз келбей жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековКырчын жайлоосундагы спортчу
Кырчын жайлоосундагы спортчу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал кыргыз элинин меймандостугуна таң калып бүтпөй жатканын айтып, кыргыздардын бай маданиятына күбө болгонун кошумчалады.

КЫРЧЫН, 6-сен. — Sputnik. Италиядан келген журналист Давид Монтелеоне Көчмөндөр оюндары жогорку деңгээлде өтүп жаткандыгын билдирди.

© Sputnik / Исмаил МамытовИталиядан келген журналист Давид Монтелеоне
Журналист из Италии Давид Монтелеоне - Sputnik Кыргызстан
Италиядан келген журналист Давид Монтелеоне

Белгилей кетсек, ушул күндөрү Кырчын жайлоосунда Көчмөндөр оюндарынын конкурстары жана улуттук спорт боюнча жарыштар өтүүдө.

"Мага Кыргызстандын табияты абдан жакты. Бул жактагы жайлоо, боз үйлөрдүн көптүгү жана өтүп жаткан улуттук оюндар өзүнчө эле керемет. Анан да улуттук кийим кийгендер көз жоосун алат экен. Бизге Көчмөндөр оюндары ушунчалык жакты дейсиздер, Кыргызстандан кеткибиз келбей жатат", — деди италиялык конок.

Ал кыргыз элинин меймандостугуна таң калып бүтпөй жатканын айтып, кыргыздардын бай маданиятына күбө болгонун кошумчалады.

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрга чейин уланат. 

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0