Москвадагы өрттөнгөн басмакананын башкы директору милицияга өзү келди

© AFP / VASILY MAXIMOVМосквадагы 17 киши өрттөнүп кеткен басмаканадагы өрт өчүрүү кызматкерлери. Архив
Москвадагы 17 киши өрттөнүп кеткен басмаканадагы өрт өчүрүү кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тергөөчүлөр эми басмакананын башкы инженерин кармоону көздөшүүдө. Ал кылмыш иши козголгондон кийин из жашырып кеткен.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Москвадагы 17 киши өрттөнүп кеткен басмакананын башкы директору күнөөсүн мойнуна алып, укук коргоо органдарына өзү келгенин Россиянын Тергөө комитети билдирди.

Эскерте кетсек, 27-август күнү Москвадагы "Печатный экспресс" басмаканасында өрт чыгып, андан 17 киши каза болгон. Өрттөнгөндөрдүн 14ү кыргызстандык кыз-келиндер болуп чыккан. Дагы үч киши оор абалда ооруканага жеткирилген.

"Тыкыр тергөө амалдарынын жыйынтыгында басмакананын башкы директору Сергей Москвин менен байланышууга мүмкүн болгон. Ал тергөө кызматкерлерине өзү келген", — деп айтылат маалыматта.

Тергөөчүлөрдүн Москвиндин жардамы менен басмакананын шектелип жаткан башкы инженери Антон Яцковго чыгууну пландап жатышат. Ал кылмыш иши козголгондон кийин из жашырып кеткендиктен ага издөө жарыяланган.

Жакын арада директордун баш коргоо чарасын чечилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0