"Ата-Бейиттеги" арчалардын боёлуш себебин Транспорт министрлиги түшүндүрүп берди

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ата-Бейит" мемориалдык комплексине бараткан жолдун боюндагы арчалар. Архив
Ата-Бейит мемориалдык комплексине бараткан жолдун боюндагы арчалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өсүмдүктөр ооругандыктан саргарып кеткен. Аларды караган фермердик чарба эмнеге боёк колдонууга туура келгенин Транспорт министрлигине айтты.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине бараткан жолдун боюндагы арчалар чынында эле жашыл түскө боёлгонун Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады.

Буга чейин ЖМКлар Бишкек — "Манас" аэропорту жолунун жээгиндеги бактардын жашыл түскө боёлгонун билдиришкен.

Аталган министрлик "Гүл Арча" дыйкан чарбасына шилтеме берүү менен арчалар ооруп жатканын маалымдады.

"Арчаларды дарылоо үчүн алардын коргоо реакциясын күчөтүүчү каражаттар сатып алынган. Бул каражаттар менен бактар үч жолу дарыланган. "Ата Бейит" комплексине баратканда жалпы көрүнүштү бузбоо үчүн биз айрым арчаларды аларга зыяны тийбегидей кылып жашыл түскө боёдук", — деп министрликтен кабарлашты.

Арчалардын "жашыл болуп турушу" 1916-жылдагы Үркүндүн 100 жылдыгына арналган иш-чара үчүн маанилүү болгон.

"Таш-Дөбө — Арашан жолундагы көрүнүштү саргайып кеткен арчалардын бузушун каалаган жокпуз. Мындай иштер дүйнө жүзүндө колдонулуп келет. Арчаларды жашыл түскө боёонун алдында биз өсүмдүктөргө коргоочу каражаттарды чачып, андан кийин гана бир аз боёк бердик. Алар өсүмдүктү күн нурунан коргоп, өңүн дагы жакшыртат", — деп Транспорт министрлиги дыйкан чарбанын айткандарына таянуу менен билдирди.

Ал эми "Гүл Арча" дыйкан чарбасы арчалар күн нурунан улам саргарып кеткенин, 15 жылдан ашып калган өсүмдүктөр көчүрүлгөндөн кийин көпкө чейин жакшы өсүп кетпей турганын белгилешти.

Борбордук универсалдык дүкөндүн (ЦУМ) администрациясы фонтанга коюлган жез аттар - Sputnik Кыргызстан
ЦУМ жетекчилиги фонтанга коюлган эстелик атты минип алгандар боюнча түшүндүрмө берди
Ушундай эле корутунду Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары да 2016-жылдын 7-майында жүргүзгөн изилдөөсүндө айтылат.

Окумуштуулар арчалар өсүп жатканын, бирок башка жерге көчүрүлгөндүктөн жаңы шартка көнө албай жатканын айтышкан.

Эксперттер арчаларды калыбына келтирүү аракеттери 2-3 жылга созуларын белгилеп, бул убакыт ичинде алар кайрадан өңүнө чыгып жашыл боло турганын баса белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0