Кыргызстан менен Кытай Бишкек — Пекин аба каттамын ачуyну талкуулады

© Sputnik / Табылды КадырбековУчакка бара жаткан стюардессалар. Архив
Учакка бара жаткан стюардессалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз тарап эки борбор калаанын ортосундагы түз каттамдын маанилүүлүгү чоң деп эсептейт.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Кытайда Бишкек — Пекин аба каттамын ачуу маселеси талкууланганын Жарандык авиация агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Үрүмчү шаарында өткөн авиакызматташуу боюнча жолугушуунун алкагында КР Жарандык авиация агенттигинин директору Эрмек Өмүралиев Кытайдын жарандык авиация администрациясынын башкаруучусу Фэн Чжэнлин менен жолукту.

"Кыргыз тарап эки мамлекеттин борбор шаарларынын ортосундагы түз каттамдын маанилүүлүгүн белгилеп, кыргызстандык авиакомпаниялардын Бишкек — Пекин аба каттамы боюнча каттоосуна кызыкдар экени белгиленди", — деп айтылат маалыматта.

Конуп жаткан учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Кувейттин ортосунда түз авиакаттам ачуу пландалып жатат
Андан сырткары, Кытай тарап мындай сунушту карап чыгууга даяр экенин жана Кытайдагы буга кызыкдар болгон авиакомпаниялар үчүн Бишкекке жана андан ары Европа биримдигине, Жакынкы Чыгыш, ошондой эле араб өлкөлөрүнө учуу мүмкүнчүлүгү каралат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жакын арада күн тартибинде турган маселелерди талкуулап, андан кийин эки тараптуу расмий жолугушууларды октябрь же ноябрь айларында өткөрүүнү макулдашышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0