Өзбекстан делегациясы Көчмөндөр оюндарынын парадына аза күтүүдөн улам чыккан жок

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүӨзбекстан желеги. Архив
Өзбекстан желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбекстан президенти Ислам Каримов жума күнү дүйнө салып, ишемби күнү Самаркандга коюлган. Эл башчысынан ажыраган өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыяланган.

ЧОЛПОН-АТА, 4-сен. — Sputnik. Өзбекстандын делегациясы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышындагы парадга азадан улам катышкан жок. Салтанатка Өзбекстандын аты жазылган тактаны көтөрүп, уюштуруучулардын өкүлү чыкты. Көчмөндөр оюндарынын катчылыгынан коңшу өлкөнүн командасы ачылыш салтанатка азадан улам катышпагандыгын билдиришти.

"Өзбекстандын командасы Көчмөндөр оюндарына катышат, бирок, азыр аза күндөрү болгондуктан салтанаттуу иш-чарага чыккан жок",— деп билдиришти катчылыктан.

Похороны президента Узбекистана Ислама Каримова в Самарканде - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандан барган делегация Каримовдун зыйнатында турду
Өзбекстан президенти Ислам Каримов 2-сентябрь күнү каза болгон. Ага чейин мээсине кан инсульт дарты менен ооруканага жеткирилип, алты күн бою жасалма дем алдыруучу аппаратта жаткан. Жума күнү эртең менен өлкө башчысынын ден соолугу кескин начарлап кеткени айтылып, кечинде көз жумганы тууралуу расмий маалымат тараган. ишемби күнү Самаркандга коюлган. Эл башчысынан ажыраган өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыяланган.

Көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунда өтөт. Иш-чараны кечээ кечинде расмий түрдө өлкө президенти Алмазбек Атамбаев ачты. 

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен радиосу оюндардын расмий медиа өнөктөшү.

Жаңылыктар түрмөгү
0