Көчмөндөр оюндарын чагылдыруу үчүн 500гө чукул журналист келди

Жазылуу
Алардын ичинен 325 журналист чет жактан болот.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдыруу үчүн 487 журналист келди. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова брифинг учурунда билдирди.

Маалыматка ылайык, эл аралык ири иш-чараны 35 чет элдик ЖМКдан келген 325 журналист чагылдырат.

"Учурда журналисттерге бейджиктерди таратып, каттоо өтүп жатат. Күтүлгөндөй эле 487 журналист келди. Чет элдик 35 ЖМК Көчмөндөр оюндары боюнча маалымат таратат", — деди Темирбекова.

Көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунда өтөт. Иш-чаранын расмий ачылышы бүгүн кечинде, саат 20.30да болот. 

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен радиосу оюндардын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0