Көчмөндөр оюндарынын ачылышын Sputnik онлайн тартипте алып көрсөтөт

Жазылуу
Sputnik көп эл көрүп, маалымдар болушу үчүн Көчмөндөр оюндарынын ачылышын Коомдук телерадиокорпорациянын эфиринен алып берет.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен радиосу II Көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатын онлайн тартипте алып көрсөтөт. Оюндун ачылышы бүгүн кечинде президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда Бактуу-Долоноту айылындагы жаңы салынган ат майданда болот.

Кызыккан көрүүчүлөр салтанаттын ачылышына www.sputnik.kg жана www.ru.sputnik.kg сайтынан Бишкек убактысы боюнча 20.30да көрө алат.

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы 5D шоусу менен коштолду - Sputnik Кыргызстан
II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы 5D шоусу менен коштолду
Оюнду Коомдук телерадиокорпорация түз көрсөтөт, ал эми башка жергиликтүү жана чет элдик каналдар, анын ичинде Көчмөндөр оюнунун медиа өнөктөшү болгон Sputnik Кыргызстан эфирди алардан алып берет.

Көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдө өтөт. Ага 53 өлкөнүн спортчулары келген жана оюндарды чагылдыруу үчүн 35 өлкөнүн 487 журналисти катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0