Алмазбек Атамбаев Өзбекстанга көңүл айтты

Жазылуу
Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримов 78 жашында дүйнө салды.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын Олий Мажлисинин (парламент) төрагасы Нигматилла Юлдашевге көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримов 2-сентябрь күнү 78 жашында дүйнө салды

"Өзбекстандын алмашкыс лидери, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Ислам Абдуганиевичтин өлүмүнө байланыштуу коңшу өлкөгө терең кайгыруу менен көңүл айтам. Ислам Абдуганиевич өлкөсү үчүн эбегейсиз эмгек кылып, кыргыз-өзбек алакаларынын өнүгүшүнө зор салым кошту. Жаткан жери жайлуу болсун", — деп айтылат кайрылууда.

Ислам Каримовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 3-сентярь күнү Самарканд шаарында болот.

Өзбекстанды 1989-жылдан бери башкарып келген Ислам Каримовдун тарыхый сүрөттөрүн төмөнкү материалдан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0