Токон Мамытов: чек ара маселеси чечилмейин Үңкүр-Тоодогудай абал улана берет

Жазылуу
Күч түзүмдөрүнүн мурдагы жетекчиси чек ара маселелери чечилмейин мындай көрүнүш кайталана берерин айтты.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Талашт-тартыштуу болгон Аксыдагы Үңкүр-Тоо аймагына Өзбекстандын келип туруп алышы мыйзам бузуу болуп эсептелет, алар эки тараптуу жана эл аралык келишимдерди бузуп жатат. Бул боюнча Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын жетекчиси, буга чейин өлкөнүн күч түзүмү боюнча вице-премьерлик кызматта турган Токон Мамытов Sputnik Кыргызстан сайтына бүгүнкү жагдай боюнча комментарий берип жатып айтты. 

Бүгүн Чек ара кызматы Аксыдагы Үңкүр-Тоого Өзбекстандын эки тик учагы конуп, ал жердеги өзбек милиция кызматкерлеринин саны 15-20га жеткендигин Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашкан эле. 

Мамытов кыргыз өкмөтү маселени дипломатиялык жол менен жөнгө салганга аракеттенип жаткандыгын, анткен менен чек ара маселелери чечилмейин мындай көрүнүш кайталана берерин белгиледи. 

"Бул бир күндө чечиле турган маселе эмес, кичине күтө туралы. Азыр алдын ала божомол айтуу али эрте. Ал жерде негизи биздин ретрансляция кыла турган техника жайгашкан. Үңкүр-Тоо Кыргызстандын объектиси болуп эсептелет жана анда Кыргызстандын жарандары иштеп жаткан. Өзбекстандын талаш-тартыштуу бул аймакка келип туруп алышы мыйзам бузуу болуп эсептелет. Буга чейин жетишилген эки тараптуу жана эл аралык келишимдер Өзбекстан тарабынан бузулуп жатат", — деди Мамытов.

УКМК жетекчисинин мурдагы орун басары бул жаатта Чек ара кызматы да, ТИМ да, өкмөт да иштеп жаткандыгын кошумчалады. 

"Кыргыз өкмөтү Өзбекстан өкмөтүнө алып кеткен кыргыз жарандарын кайтарып берүү боюнча талап койду. Бул боюнча Чек ара кызматы да, ТИМ да, өкмөт да иштеп жатат. Кошумчалай кетүүчү жагдай, Чек ара такталбагандан кийин мындай көрүнүштөр болуп келген жана болот берет", — деп кошумчалады Мамытов. 

Абак кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аксылык Барчын апа: баламды өзбекстандыктар алып кеткенден бери түн уйкум жок
Буга чейин кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу жерде жайгашкан Үңкүр-Тоого коңшу өлкөнүн жети милиция кызматкери тик учак менен конгон. Мындай кадамды түшүндүрүү талабына өзбекстандыктар буга чейин кыргыз чек арачылар тарабынан кармалган өзбек милиционерин бошотуу, Орто-Токой суу сактагычынын айланасындагы милиция постторун алуу талабын коюшкан. Сүйлөшүүлөрдөн соң аталган кызматкер бошотулган. 24-август күнү коңшу өлкөнүн чек арачылары Үңкүр-Тоодо орнотулган телемунарада иштеген төрт кыргызстандык адисти кармап кетип, аларды Яңги-Курган райондук милициясына алып барган.

Белгилей кетсек, Үңкүр-Тоо кыргыз-өзбек чек арасындагы такталбаган аймак болуп саналат. Ал эми кыргыз-өзбек чек арасынын жалпы узундугу 1 378 чакырым болсо, анын 1 058и аныкталган. Бүгүнкү күндө 58 жер аянтындагы 324 чакырымдык чек ара талаштуу бойдон калууда.

Кыргыз-өзбек чек арасынын талаш аймагындагы Үңкүр-Тоодогу абал тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0