Атамбаев: Путин Үркүнгө арналган мемориалга келип, курман болгондорду эскерет

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин. Архив
Россия президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия лидери аталган жайга Бишкек шаарындагы 16-17 сентябрдагы саммити учурунда келмекчи.

БИШКЕК, 2-сен.— Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Ата-Бейиттеги 1916-жылдагы Үркүн трагедиясында көз жумгандардын элесине арналып тургузулган мемориалды келип көрөт. Бул туурасында президент Алмазбек Атамбаев аталган комплекстин ачылышында сүйлөп жатып билдирди. 

Мамлекет башчысы бүгүнкү жыйынга РФтин президентинин өкүлү Михаил Швыдкой катышып жаткандыгын айтты. 

"Владимир Путин КМШнын Бишкек шаарындагы 16-17-сентябрдагы саммити учурунда мемориалга барып, курман болгондорду эскерет", — деп билдирди Атамбаев. 

Өлкө башчы АКШнын президенти Барак Обама мемориалдын ачылышына катышууга АКШнын мамкатчысынын жардамчысынын орун басары Дэниел Розенблюмди жиберүү боюнча кат жөнөткөндүгүн айтты. 

1916-жылы улуттук-боштондук күрөш чыгып, ал көптөгөн кыргызстандыктардын өлүмүнө алып келген. Бул кайгылуу окуя эл арасында Үркүн деген ат менен калган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0