Кытай элчилигиндеги терактыдан жабыркагандар ооруканадан чыкты

© REUTERS / Vladimir PirogovКытай элчилиги. Архив
Кытай элчилиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейшемби күнү жаракат алгандар ден соолугу жакшы болуп калгандыгына байланыштуу үйүнө жиберилген.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинде 30-августтагы жарылуудан жаракат алган кыргызстандык жарандар ооруканадан чыгарылды. Бул турасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков билдирди.

Шейшемби күнү эртең менен Кытай элчилигинде жардыруу болгон. Жанкечти унаасы менен дипломатиялык өкүлчүлүктүн дарбазасын сүзүп, андан кийин өзү түшкөн автоунааны жардырып жиберген.

Аталган терактыдан эки жаран денеси сыйрылып, мээси чайкалып ооруканага түштү деген маалымат айтылган.

"Алардын ал-абалы жакшы. Кечээ, бейшемби күнү ооруканадан чыгардык", — деп билдирди Кубатбеков.

Жарылуу болгондон тарта болжол менен бир сааттын аралыгында Кытай элчилигинин ичиндеги окуяга теракт деген мүнөздөмө берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0