Көчмөндөр оюнунда коопсуздукту 6000 милиция кызматкери көзөмөлдөйт

Жазылуу
Эл аралык оюндар эртең, 3-сентябрь күнү Чолпон-Атадагы ипподромдо башталат.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Ысык-Көлдө 3-8-сентябрь күндөрү өтүүчү Көчмөндөр оюндарында коопсуздукту милициянын 6000 кызматкери көзөмөлдөй турганын ИИМ билдирди.

Манасчы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында "Тынымсыз Манас айтуу" фестивалы өтөт
Эскерте кетсек, эл аралык иш-чаранын алкагында болуучу спорттук мелдештер жана этнофестиваль Чолпон-Ата шаарынын Булан-Сөгөттү айылында жана Кырчын капчыгайында өтөт.

Мындан улам Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолу жүк ташуучу ири машиналарга, автобус, микроавтобустарга жана айыл-чарба техникасынын өтүүсүнө чектөө коюлат. Бул үчүн Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол трассасы альтернативалык жол катары сунушталууда.

Ушу тапта Көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанаты жана спорттук мелдештер өтүүчү ат майданы толугу менен бүтүп, конокторду кабыл алууга даяр турат.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Көчмөндөр оюндарынын расмий медиаөнөктөшү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0