Маминспекция: Ипподром Көчмөндөр оюнун өткөрүүгө даяр

© Фото / Инсан БакировИпподром. Архив
Ипподром. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ат майданы жети ай аралыгында Маминспекциянын көзөмөлүндө курулду.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Бүгүн, 1-сентябрь күнү Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарындагы ат майданынын курулушу толугу менен аяктап, экологиялык жана техникалык коопсуздук талаптары канааттандыраарлык деп табылды. Бул туурасында Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекция билдирди. 

Маалыматка ылайык, бүгүн аталган инспекциянын Чолпон-Ата шаары боюнча инспекторлору тарабынан ат майданды пайдаланууга уруксат берилип, тиешелүү документке кол коюлду. 

"Ипподромду толугу менен кабыл алуу буйругун инспекциянын Ысык-Көл району боюнча башкармалыгынын башчысы Талантбек Борочоров бекитти", — деп айтылат билдирүүдө. 

Эске сала кетсек, ат майданы жети ай аралыгында Маминспекциянын көзөмөлүндө курулду. Учурда ипподром Көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө толугу менен даяр. 

Жаңылыктар түрмөгү
0