Ошто эки көчөнү бириктирген көпүрө ачылды

Жазылуу
Шаар мэри Кадырбаев курулуш иштерине жалпысынан 73 миллион сом жумшалганын билдирди.

ОШ, 1-сен. — Sputnik. Түштүк борбор Ош шаарында Исанов менен Ленин көчөлөрүн бириктирген көпүрө пайдаланууга берилди. Анын салтанатына премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. 

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевТүштүк борбор Ош шаарында Исанов менен Ленин көчөлөрүн бириктирген көпүрө пайдаланууга берилди
Түштүк борбор Ош шаарында Исанов менен Ленин көчөлөрүн бириктирген көпүрө пайдаланууга берилди - Sputnik Кыргызстан
1/3
Түштүк борбор Ош шаарында Исанов менен Ленин көчөлөрүн бириктирген көпүрө пайдаланууга берилди
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАнын салтанатына премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты
Анын салтанатына премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты - Sputnik Кыргызстан
2/3
Анын салтанатына премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАталган көпүрөнүн курулуш иштери ушул жылдын январь айында башталган.
Аталган көпүрөнүн курулуш иштери ушул жылдын январь айында башталган. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Аталган көпүрөнүн курулуш иштери ушул жылдын январь айында башталган.
1/3
Түштүк борбор Ош шаарында Исанов менен Ленин көчөлөрүн бириктирген көпүрө пайдаланууга берилди
2/3
Анын салтанатына премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты
3/3
Аталган көпүрөнүн курулуш иштери ушул жылдын январь айында башталган.

Аталган көпүрөнүн курулуш иштери ушул жылдын январь айында башталган. 

Ак-Буура дарыясына курулган көпүрө Ош шаарында унаа кыймылын жөнгө салып жана унаа тыгындарынын жоюлуусуна шарт түзмөкчү.

Жол оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эмки жылы район борборлорунун жолу 1 млрд. сомго оңдолмой болду
Ош шаардык жол куруу башкармалыгынын башчысы Арзыбек Жунусовдун айтымында, көпүрөнөн узундугу 36 метрди, ал эми эки тарабындагы жолду кошкондо жалпы 450 метрди түзөт.

Туурасы 14 метр жана эки тарабында жөө жүргүнчүлөр өтүүчү атайын жол бар. 

Кадырбаев курулуш иштерине жалпысынан 73 миллион сом жумшалгандыгын билдирди. 

Буга чейин Исанов көчөсүнөн Төлөйкөн айылына өтүү үчүн калаа тургундары 7 чакырым аралыкты айланып өтүүгө туура келчү. Эми шаардын бир четинен экинчисине каттоодо тургундарга 20 мүнөттү үнөмдөөгө  шарт түзүлдү.

Көпүрө 100 тонна салмактагы жүктү көтөрүүгө ылайыкташтырылган жана күн сайын аталган жайдан 10 минден ашуун унаа каттамы жүрүп турат.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0