БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Ош облусунун Ноокат районунда логистикалык борбор куруу пландалып жатат. Бул тууралуу өкмөттүн айдоо жерлерин өнөр-жай жерине өткөрүү боюнча токтомунун долбоорунда айтылат. Аталган документ өкмөттүн расмий сайтына жарыяланып, коомдук талкууга коюлду.
Мындай демилгени Юстиция министрлиги көтөрүп чыккан. Долбоорго ким инвестор болору жана курулуш иштери качан башталары тууралуу маалымат тактала элек.