Каримовдун кызы атасынын ден соолугуна кызыгып, колдогондорго алкыш айтты

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүӨзбекстандын президенти Ислам Каримов. Архив
Өзбекстандын президенти Ислам Каримов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттин кызы Лола Каримова-Тиллаева жакшы тилектер атасынын айыгып кетишине жардам берет деп ишенээрин жазган.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун кызы Лола Каримова-Тиллаева коомчулукка атасынын дарегине айтылган жылуу сөздөр жана колдоолор үчүн ыраазычылык билдирди. Бул туурасына ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды. 

"Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, чын дилимден сиздердин президентке айтылган жылуу сөздөр, анын тез арада айыгып кетишин каалаган тилектер үчүн ыраазычылык билдирем", — деп жазган. 

Өзбекстандын президенти Ислам Каримов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ислам Каримов төшөктө. Эми эмне болот?
Президенттин кызы Лола Каримова-Тиллаева жакшы тилектер атасынын айыгып кетишине жардам берет деп ишенээрин жазган.

Буга чейин "Фергана" агенттиги Ислам Каримов дүйнө салгандыгын жар салган. РИА Новости агенттигинин Өзбекстан президентинин аппаратындагы маалымат булагы мамлекет башчы Каримовдун өлүмү туурасындагы кабарды четке кагып, абалы туруктуу экендигин айткан. Жекшемби күнү Өзбекстандын өкмөтү Каримовду өткөн ишембиде ооруканага жаткырылды деп билдиришкен. Бул окуядан соң кызы Лола Каримова-Тиллаева атасынын мээсине кан куюлуп, кайра жандандыруу бөлүмүндө жаткандыгын социалдык тармактарга жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0