БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Ала-Бука районунда эгемендик күнүнө карата жети облустан жети жуп чакырылып, түндүк көтөрүлдү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Ала-Бука райондук администрациясынын башчысынын орун басары Калчабүбү Үсөнбаева билдирди.
Анын айтымында, майрамдык иш-чарага баш кошууга аттанып жаткан жуптар чакырылган.
"Райондун түндүгүн жакын арада түтүн булата турган жети облустун жуптары көтөрүштү. Аларга каалоо-тилектер айтылып, бата берилди. Ошондой эле райондук администрация тарабынан белектер ыйгарылды. Ырым кылып жети облус элинин ынтымагын бекемдөө максатында ушундай жөрөлгөнү жасадык", — деп билдирди Үсөнбаева.
Майрамдык иш-чаранын алкагында жети облустун боз үйлөрү тигилип, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү өттү. Мындан тышкары, Үсөнбаева атчандардын жүрүшү болуп майрам мыкты деңгээлде өтүп жатканын кошумчалады.