АКШ президенти Барака Обама Кыргызстанга куттук айтты

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүАКШ президенти Барак Обама. Архив
АКШ президенти Барак Обама. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ президенти Барака Обама Кыргызстанга куттук айтты.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. АКШ президенти Барак Обама өлкө башчы Алмазбек Атамбаевди жана жалпы кыргыз элин Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктаганын мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Обама өз сөзүндө акыркы чейрек кылымдын ичинде Кыргызстан демократиялык, эркин жана гүлдөп-өскөн өлкө куруу үчүн талбай эмгектенгенин белгиледи.

"Бул мезгил аралыгында бир топ ийгиликтер болду. Мындан улам АКШ сыймык менен Кыргызстанды достук мамиледеги өнөктөш өлкө деп атайт", — деп айтылат куттуктоодо. 

АКШ президенти демократиялык институттарды бекемдөө, экономикалык өнүгүү жана аймактык коопсуздук жаатында Кыргызстан менен тилектеш экенин билдирип, элге тынчтык, бейпилдик каалады.

Бишкекте өтө турган кызыктуу иш-чаралардын программасы менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан таанышыңыз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0