Кыргызстанда тартип сактоого кошумча күч тартылат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын куралдуу күчтөр кызматкерлери. Архив
Кыргызстандын куралдуу күчтөр кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектеги жардырууга байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлөт.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Вице-премьер Жеңиш Разаков коомдук тартип менен коопсуздукту сактоо боюнча жумушчу жыйын өткөргөндүгү тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. 

Жыйынга Укук коргоо, Саламаттык сактоо, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы жана мэриянын жетекчилери катышты. 

Алар бир катар иш-чаралар убагында коомдук тартип менен коопсуздуктун сакталышын талкуулашты. 

Бишкектеги Кытай элчилигинде жарылуу - Sputnik Кыргызстан
Жарылууга эмне себептен Кытай элчилиги туш болду? Эксперттердин пикири
Вице-премьер Разаков тиешелүү мамлекеттик органдарга иш-чараларга катыша турган жарандарды эффективдүү текшерүүгө алып, профилактикалык чараларды көрүү тапшырмасын берди. 

Муну менен катар коомдук тартип менен коопсуздукту сактоого кошумча күчтөрдү тартуу милдеттендирилди. 

Укук коргоо органдарынын жетекчилери Кытай элчилигиндеги жардырууга байланыштуу коопсуздукту сактоо үчүн кошумча чаралар көрүлүп жатканын билдиришти. 

Эртең, 31-август күнү Кыргызстандын 25 жылдык мааракеси, ал эми 3-8-сентябрь аралыгында Ысык-Көл облусунда II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлөт. Мындан тышкары, 16-17-сентябрда Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн саммити башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0