Кытай элчилигиндеги жардыруу G20 саммитине тоскоолдук боло албайт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүБишкекте жайгашкан Кытай элчилигиндеги жардыруудан кийин
Бишкекте жайгашкан Кытай элчилигиндеги жардыруудан кийин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
G20 саммити 4-5-сентябрь күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында өтөөрү пландалууда.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Бишкекте жайгашкан Кытай элчилигиндеги жардыруу Ханчжоудо өтө турган G20 саммитине тоскоолдук боло албайт. Бул тууралуу брифинг учурунда Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хуа Чуньин билдиргендигин РИА Новости жазып чыкты.

Белгилей кетсек, шейшемби күнү, 30-августта эртең менен Кыргызстандагы Кытай элчилигинде жарылуу болгон. Жан кечти автоунаа менен элчиликтин имаратынын кире беришин барып сүзүп, жарылып кеткенин вице-премьер Жеңиш Разаков маалымдады. 

"Биз кыргыз бийлиги аталган терактыны ийне-жибине чейин иликтеп чыгарына ишенебиз жана бардык маалыматты биз менен бөлүшүп турууну өтүндүк. Аталган теракт G20 саммитинин өтүшүнө тоскоолдук боло албайт", — деди Хуа Чуньин. 

G20 саммити 4-5-сентябрь күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында өтөөрү белгиленген. 

Бишкектеги Кытай элчилигинин имараты жардыруудан кийинки абалын Sputnik Кыргызстан видеосунан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0