БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Бишкектеги Кытай элчилигинин алдындагы жарылуудан жаракат алган үч кишинин абалы туруктуу экенин Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Шейшемби күнү, 30-августта эртең менен Кыргызстандагы Кытай элчилигинде жарылуу болгон. Жан кечти автоунаа менен элчиликтин имаратынын кире беришин барып сүзүп, жарылып кеткенин вице-премьер-министр Жеңиш Разаков маалымдады.
Бишкектеги травматология жана ортопедия улуттук институтунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандардын денеси сыйрылып, мээси чайкалганын айтты.
Ал ошондой эле, жабыркагандар 17-18 жаштардагы жарандар экенин жана алар элчиликтин имаратындагы бакчада иштерин кошумчалады. Буга чейин вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жабыркагандардын бары тең кыргызстандыктар экенин билдирген.