Раев: терактыга карабай 31-августтагы майрамдык иш-чаралар өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековЭгемендүүлүк күнүнө карата болгон иш-чаралар. Архив
Эгемендүүлүк күнүнө карата болгон иш-чаралар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата бир топ иш-чара пландаштырылган. Мында негизинен аскердик парад, ат оюндары жана гала-концерт болот.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Кытай элчилигинде болгон жарылуу Эгемендүүлүк күнүнө карата боло турчу иш-чараларга таасирин тийгизбейт. Бул туурасында Маданият жана тарых жылын өткөрүү, даярдык көрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси Султан Раев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Шейшемби күнү Кыргызстандагы Кытайдын элчилигинин кире беришинде жан кечти автоунаа менен келип имараттын эшигин сүзүп, жарылып кеткен. Укук коргоо органдары жан кечтинин каза болгонун билдири, дагы үч киши жаракат алганын маалымдаган.

"Теракт майрамдык иш-чараларга эч кандай таасир бербейт. Бардыгы мурда пландалгандай болот. Себеби, бул мамлекеттин негизги майрамы", — деди Раев.

Кытай элчилигинде болгон жарылуу: жеринен тартылган тасма жана күбөлөрдүн пикири - Sputnik Кыргызстан
Кытай элчилигиндеги жарылуу: жеринен тартылган тасма жана күбөлөрдүн пикири
Анын айтымында, мамлекеттик дирекция укук коргоо органдарына коопсуздукту күчөтүү боюнча кайрылышат.

31-августта Кыргызстан Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгын белгилейт. Бул күнү Бишкек шаарында аскердик парад, ат чабыш, көк бөрү оюндары болуп, майрамдык концерттер өтөт.

Кыргызстан 1991-жылы 31-августта Эгемендүү мамлекет болгон.

Эгемендүүлүк күнүнө карата өтө турчу майрамдык иш-чаралар тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан караңыз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0