Аза кайгысы: кыргыз элине көңүл айтылууда

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мэриясындагы түшүрүлгөн желек.
Бишкек шаарынын мэриясындагы түшүрүлгөн желек. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын башына түшкөн оор мүшкүлгө дүйнө коомчулугу да кайдыгер калган жок.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда адам өмүрүн алган Москвадагы өрттөн жана ири жол кырсыгынан улам аза күнү жарыяланды.

День траура в Бишкек в связи с двумя трагическими событиями, произошедшими 27 августа, и унесшими жизни 23 граждан Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Түшүрүлгөн туулар — Кыргызстан аза күтүп жатат
Өлкө боюнча жана чет жактагы дипломатиялык, консулдук өкүлчүлүктөрдө мамлекеттик туу түшүрүлүп, майрамдык иш-чаралар токтотулду.

Москванын түндүк-чыгышындагы басмаканада чыккан өрт Кыргызстандын 14 кыз-келининин өмүрүн алды. Маркумдардын сөөгү бүгүн кечинде Кыргызстанга алып келинет. 

Кырсыктан кийин дароо эле Москванын мэри Сергей Собянин өрттөн каза болгондордун туугандары менен жакындарына көңүл айтып, күнөөлүүлөр жазалана турганын убадалады.

"Өрт өчүрүүчүлөргө, куткаруучуларга, дарыгерлерге ыраазычылык айтам. Күнөөлүүлөр өз жазасына алат", — деп жазды мэр өзүнүн Twitter баракчасына.

​Жабырлануучулардын тез арада сакайышын каалаган Бишкектин мэри Албек Ибраимов да набыт кеткендердин жакындарына көңүл айтты.

"Апаат баарыбыздын жүрөгүбүздү оорутту", — деп айтылат шаар башчынын билдирүүсүндө.

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров кыргызстандык кесиптеши Эрлан Абдылдаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатып, көңүл айтуу менен окуянын чоо-жайы тыкыр иликтенерин белгиледи.

"Серей Лавров окуя боюнча ар тараптуу иликтөө жүрүп, күнөөлүүлөр татыктуу жазасын аларын айтты", — деп белгиленет ТИМ тараткан маалыматта.

Чечен республикасынын башчысынын милдетин аткаруучу Рамзан Кадыров Twitter баракчасына каза болгондордун үй-бүлөсүнө көңүл айтты.

​Аза кайгыны тең бөлүшкөн телеграмма бүгүн эртең менен Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевден да келди.

"Үрөй учурган окуя тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык. Кыргызстан элине жана президент Алмазбек Атамбаевге көңүл айтабыз", — деп жазылган телеграммада. 

Ал ортодо Москвада иш сапары менен жүргөн КРдин акыйкатчысы Кубат Оторбаев жеринен жардам берүүнү туура көргөн. 

"Мен каргашалуу окуядан каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Бул кайгы бүтүндөй кыргыз элинин арманы. Күч органдары акыйкат иликтөө жүргүзүп, күнөөлүүлөр жазасын алат деп ишенем", — деп айтылат акыйкатчынын кайрылуусунда. 

Өрт өчүрүү кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвадагы өрт: түгөйсүз калган эгиз, энесиз калган жетимдер
Өз кезегинде Борбордук шайлоо комиссиясы, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Экономика министрлиги жана Башкы прокуратура да каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, кайрат кылууну суранат. 

Мындан тышкары, аза кайгыны тең бөлүшүп "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, кыргыз өкмөтүнүн Ысык-Көлдөгү өкүлү АсхатАкибаев, Баткендеги өкүлү Абиш Халмурзаев дан көңүл айтты. 

Ал эми көңүл айтуулардын катарына Түштүк Кореядагы "Биримдик коомдук уюмунун" төрагасы Улукбек Абдырахманов да кошулат. 

"Биз Түштүк Корея жергесиндеги мекендештер, аталган окуядан улам каза болгондордун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңул айтабыз. Жаткан жериңер жайлуу, топурагыңар торко болсун", — деп айтылат кайрылууда. 

Мекендештер кырсыктан жабыркагандар тез аранын ичинде айыгып кетишин каалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0