Вице-премьер Москвада өрттөн жабыркагандардын абалы менен таанышты

Жазылуу
Каза болгондордун туугандарына, жакындарына жардам берүү боюнча өкмөттүк штаб 28-августта премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун чечими менен түзүлгөн.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Вице-премьер Гүлмира Кудайбердиева Москва шаарындагы өрттөн жабыркап, ооруканада жаткан кыргызстандыктарды барып көргөндүгү тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. 

Билдирмеге караганда жабыркагандарга материалдык жардам көрсөтүлгөн. 

"Каза болгондордун туугандарына, жакындарына жардам берүү боюнча өкмөттүк штабдын жетекчиси Гүлмира Кудайбердиева 28-августтан бери Москва шаарында жүрөт. Ал Иноземцев атындагы ооруканада жаткан мекендештерди бүгүн көрүп келди", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, штаб кечээ, 28-августта премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун чечими менен түзүлгөн. 

Мындан мурдараак ТИМ Москванын медициналык мекемелерине жеткирилген жабыркагандардын тизмесин жарыялаган. Алар Кызбурак Калбай кызы, Нурмухамед Кадыржанов жана Уларбек Исраил уулу болуп эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0