Москвалыктар өрттөнгөн кыргыз кыз-келиндерди эскерип, элчиликке гүл коюп жатат

© Фото / Айдана МакиловаКыргызстандын элчилигинин имаратынын алдына аталган калаада өрттөн каза болгон кыргызстандык 14 кыз-келиндердин элесин эскерилип коюлган гүлдөр
Кыргызстандын элчилигинин имаратынын алдына аталган калаада өрттөн каза болгон кыргызстандык 14 кыз-келиндердин элесин эскерилип коюлган гүлдөр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрттөн каза болгон 14 жарандын сөөгү Кыргызстанга бүгүн кечке маал алып келинет.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Москвалыктар Кыргызстандын элчилигинин имаратынын алдына аталган калаада өрттөн каза болгон кыргызстандык 14 кыз-келиндердин элесин эскерип гүл коюп жатат. Бул туурасында дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкери Гүлбарчын Байымбетова билдиргенин РИА Новости жазды. 

Трагедия ишемби күнү эртең менен Алтуфьевск шоссесинде жайгашкан басмаканада болгон. Россиянын Тергөө комитети өрттү электр лампасынын зымдарынын кызып кетишинен болгондугун айтып жатат. Коопсуздук эрежелери сакталбагандыгы боюнча кылмыш иши козголгон. 

"Көңүл айткан москвалыктар каза болгон кыз-келиндерди эскерип, элчиликтин алдына келип, гүл коюп, шам жагып кетип жатат", — деп билдирген ал. 

Ал дипөкүлчүлүктүн электрондук дарегине жарандар тарабынан көңү айтуулар түшүп жаткандыгын кошумчалады. 

Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвадагы өрттөн каза болгондордун сөөгү бүгүн кечке маал алып келинет
Бүгүн-эртең Москвадагы элчиликте көңүл айтуулар, эскерүүлөр жазып калтырылган китепче ачылат. 

Москвадагы өрттөн каза болгон 14 жарандын сөөгү Кыргызстанга бүгүн кечке маал алып келинет.

Эскерте кетсек, 27-август күнү шаардын түндүк-чыгыш аймагындагы Алтуфьевск шоссесинде жайгашкан "Печатный экспресс" басмаканасында өрт чыгып, анда иштеген Кыргызстандын 14 жараны каза болду. Алар 17ден 45 жашка чейинки кыз-келиндер болуп чыкты. Дагы үчөө оор абалда ооруканада жатат.

Бүгүн бул трагедияга байланыштуу 29-август Кыргызстанда аза күнү деп жарыяланган.

Кыргызстандын 14 жаранынын өмүрүн алган Москвадагы өрттүн чоо-жайы жана хронологиясын Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0