Москвадагы өрт: түгөйсүз калган эгиз, энесиз калган жетимдер

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүӨрт өчүрүү кызматкерлери. Архив
Өрт өчүрүү кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктан ажал тапкандардын дээрлик бардыгы айыл тургундары. Учурда алардын тууган- туушкандары гана эмес, айыл башчылары дагы маалыматка ээ эмес экени белгилүү болду. Ал эми тиешелүү ведомстволор учурда маркумдардын сөөгүн Кыргызстанга алып келүү менен алек.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Москвада болгон өрт кырсыгынан улам 14 кыргызстандык жаран каза тапты. Учурда маркумдардын денесин мекенге алып келүү аракеттери жүрүп жатат. Көз жумгандардын баары 18 жаштан 45 жашка чейинки кыз-келиндер.

Sputnik Кыргызстан агенттиги маркумдардын Кыргызстандагы тууган-туушкандары, жакындары менен байланышка чыгуу аракетин жасаганда айрым айыл башчылары кырсык тууралуу маркумдардын туугандарына кабар жете электигин билдиришти. 

Өрттөн каза болгон Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Ак-Булуң айылынын 18 жаштагы тургуну Нурай Жумадылованы англис тилинен сабак берген мугалими Айзада Апазова эскерди. 

"Нурай Каракол шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы облустук мектеп лицейин быйыл бүтүрүп кеткен болчу. Мен ал жакта англис тилинен сабак берем. Негизи биздин лицейге облустагы мыкты окуучулар тандалып алынат. Нурай кыйын окуган окуучулардын катарына кирчү. Ал абдан сулуу, мүнөзү токтоо кыз эле. Анын эркек эгиз түгөйү бар. Экөө чогуу бир класста окушкан. Апасы Москвада иштечү. Мектепти бүткөндөн кийин энесине жардам бергени кеткен экен. Ал эми эгиз бир тууганы Бишкекке окууга тапшырган. Ичибиз абдан ачышып жатат", — деп билдирди маркумдун мугалими. 

Ал билдиргендей Каракол шаарында көз жумгандарды эскерүү митинги болуп өттү. 

Плакаты памяти жертв пожара в Москве на стене типографии Печатный экспресс - Sputnik Кыргызстан
Москвада өрттүн курмандыктары эскерилип жатат
Ысык-Көл облусунун дагы бир 30 жаштагы тургуну Кыял Алабердиева тууралуу анын кошунасы жана Челпек айыл аймагынын башчысы Эрлан Жыргалов айтып берди. 

"Москвада болгон окуя бардыгыбызды кайгыртты. Кыял менин чарбагымдын артында жашачу. Ал жумушка тың, шайыр кыздардын бири эле.11-классты аяктагандан кийин коңшу айылга турмушка чыгып кеткен. Андан кийин иш издеп Алматыга жөнөгөнүн укканбыз. Москвага кайсы жылы баргандыгы тууралуу маалыматым жок. Балдары бар деп уккам, бирок канчоо экенин билбейм. Ата-энеси 60 жаштан ашып калган. Алар кызынын каза тапкандыгын билише элек. Оор кабарды угузуудан жүрөк ооруп турат. Эми туугандары аркылуу билдирсек керек…", — деп сөзүн аяктады Жыргалов. 

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы Кыз-Көл айыл аймагынын башчысы Автандил Кушбаков 33 жаш курагында каза тапкан Динара Раимкулованын эки баласы жетим калганын билдирди. 

"Динара кызыбыздын каза болгонун ата-энеси биле элек. Жүрөкзаада болуп турабыз. Маркумдун эки бир тууганы дагы Россияда экен. Учурда агасы анын денесин мекенине алып келүү менен убара тартып жүрөт. Бул кыз турмушка чыгып, эки балалуу болгондон кийин ажырашып кеткен. Эми бечара балдары жетим калды", — деп үшкүрдү айыл башчы. 

Белгилей кетсек, кырсыктан ажал тапкандардын дээрлик бардыгы айыл тургундары. Учурда алардын тууган-туушкандары гана эмес,айыл башчылары дагы маалыматка ээ эмес экени белгилүү болду. Ал эми тиешелүү ведомстволор учурда маркумдардын сөөгүн Кыргызстанга алып келүү менен алек.

Кыргызстандын 14 жаранынын өмүрүн алган Москвадагы өрттүн чоо-жайы жана хронологиясын Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0