Атамбаев Москвада каза болгондордун туугандарына көңүл айтты

© AP Photo / Ivan SekretarevМосквадагы өрттө каза болгондордун туугандары
Москвадагы өрттө каза болгондордун туугандары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүүнү тапшырды.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Москвадагы өрттө каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтты. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Ишемби күнү Москванын түндүк-чыгышында болгон өрт кыргызстандык 15 жарандын өмүрүн алып кетти.

"Президент Алмазбек Атамбаев Москвадагы кампадагы өрттөн каза болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтты", — деп айтылат маалыматта.

Өрт кызматкери жардам берүүдө. Архив - Sputnik Кыргызстан
ТИМ Москвадагы өрт кырсыгынан улам атайын байланыш телефондорун ачты
Мамлекет башчысы каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүп, андан сырткары өкмөт башчысына жана мамлекеттик органдарга аларга зарыл болгон бардык жардамдарды көрсөтүүнү тапшырды.

Бул кыргызстандык жарандар өрткө кабылып каза тапкан биринчи окуя эмес. Буга чейин 30-январда ушул эле Москва шаарынын Стромынка көчөсүндөгү Чыгыш административдик округда өрт чыгып, 12 киши каза тапса, алардын ичинен 8и Кыргызстандын жараны, экөө атуулдугу башка, бирок, КРде туулган адамдар болгон. Анда жалпысы болуп 3 миң чарчы метр аянттын өрттөнгөнү кабарланган. 

Москвада болгон өрт кырсыгы боюнча түзүлгөн хронология менен Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан таанышсаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0