ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн аскерлери атайын машыгууда өтүшүүдө

© Sputnik / Мария АмелинаЖККУ аскерлери. Архив
ЖККУ аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда аскердик окутуулардын практикалык бөлүгү өтүп, анда катышуучулар түнкүсүн чабуул жасоо жана коргонуу ыкмаларын үйрөнүшүүдө.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрүнүн аскерлери "Бузулгус боордоштук" аталышындагы атайын машыгууларын баштады. Бул тууралуу аталган уюмдун маалымат кызматы билдирди.

Машыгуулар Беларуссиянын талаасында өтүп, агда 1500 аскер,300дөн ашуун атайын техника катышууда.

"Аскердик окутуулардын практикалык бөлүгү өтүп жатат. Анда катышуучулар түнкүсүн чабуул жасоо жана коргонуу ыкмаларын үйрөнүшүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Аскер машыгууларга ЖККУнун башкы катчысы Николай Бордюжанын келиши күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0