БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Кыргызстандык режиссер Эрнест Абдыжапаровдун Саякбай Каралаев тууралуу долбоору Түштүк Кореянын Бусан шаарында өтүүчү кинофестивалдын программасына кирди. Бул тууралуу Кинематографияны колдоо фондусу билдирди.
Маалыматка ылайык, эл аралык фестиваль 6-15-октябрга белгиленген. Мында азиялык кинорынок ушул эле күндөрү өтүп, аталган чөлкөмдүн долбоорлору 9-11-октябрда эл назарына тартууланат.
Азиялык долбоорлордун рыногу Азиядагы эң ири инвестициялык рынок болуп эсептелип, кызматташуу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөргө жол ачат. Быйыл фестивалдын алкагында 27 долбоор тандалып алынган.
"Саякбай манасчы" коомдук фондусунун демилгеси менен улуу манасчы Саякбай Каралаевге арналып тартылуучу тасманын сценарийлер сынагында биринчи орунду режиссер Эрнест Абдыжапаров ээлеген.