Кайран каражат: олимпиадалык жолдомого канча акча кетти

© REUTERS / Stoyan Nenov Рио Олимпиадасындагы Кыргызстандын 19 спортчусу. Архив
Рио Олимпиадасындагы Кыргызстандын 19 спортчусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рио Олимпиадасына Кыргызстандан 19 спортчу катышып, тилекке каршы, баары тең медалсыз кайтышты. Лицензия алууга канча каражат корогонун Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан окуңуз.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Бүгүн, 26-август күнү Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов кыргызстандык спортчулардын Олимпиада оюндарына катышуусунун жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын өткөрдү. 

© Фото / Сагын АйылчиевЦеремония поднятия Государственного флага Кыргызской Республики в Олимпийской деревне Рио-де-Жанейро
Церемония поднятия Государственного флага Кыргызской Республики в Олимпийской деревне Рио-де-Жанейро - Sputnik Кыргызстан
Церемония поднятия Государственного флага Кыргызской Республики в Олимпийской деревне Рио-де-Жанейро

Ал арада аталган мекеме өлкө бюджетинен лицензия алуу үчүн канча каражат корогону боюнча билдирүү таратты. Эскерте кетсек, лицензиялык мелдештер өткөн жылдын башында болгон. Анда 15 кыргызстандык спортчу лицензияга жетишип, дагы төрт жолдомо квота аркылуу берилген. Натыйжада Олимпиадага Кыргызстандан 19 спортчу спорттун сегиз түрү (бокс, дзюдо, сууда сүзүү, эркин жана кыз-келиндердин күрөшү, грек-рим күрөшү, оор атлетика, жеңил атлетика) боюнча ат салышты

Олимпиада 2016. Дзюдо. Мужчины. Весовая категория выше 100 кг - Sputnik Кыргызстан
Олимпиада жыйынтыгы менен КРдеги федерация башчылары, машыктыруучулар бошотулат
Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча кыргызстандыктар эки 5-орун (балбандар Арсен Эралиев менен Айсулуу Тыныбекова) жана бир 7-орунду (дзюдочу Юрий Краковецкий) ээлешти. 

Мамагенттиктин маалыматына караганда спортчулар аталган спорттун түрлөрү боюнча 118 лицензиялык турнирге жана 176 машыгуучу окууларга катышкан. Буга агенттик 102,3 миллион сом жумшаган. Мындан тышкары, аталган турнирге катышкан спортчулардын баары стипендия алып, былтыркы жылдын июль айынан быйылкы августка чейин аларга бюджеттен 10,2 миллион сом берилген. Сентябрда мекеме стипендия алчулардын тизмесин кайрадан карап чыгышы мүмкүн. 

© AFP / JACK GUEZ Балбан Айсулуу Тыныбекова
Балбан Айсулуу Тыныбекова - Sputnik Кыргызстан
1/3
Балбан Айсулуу Тыныбекова
© AFP / JACK GUEZБалбан Арсен Эралиев
Балбан Арсен Эралиев - Sputnik Кыргызстан
2/3
Балбан Арсен Эралиев
© пресс-служба ГАМФКиСДзюдочу Юрий Краковецкий
Дзюдочу Юрий Краковецкий - Sputnik Кыргызстан
3/3
Дзюдочу Юрий Краковецкий
1/3
Балбан Айсулуу Тыныбекова
2/3
Балбан Арсен Эралиев
3/3
Дзюдочу Юрий Краковецкий

Өкмөттүн атайын токтомуна ылайык, 5-орунду алган Эралиев менен Тыныбекова миллион сомдон сыйлык алышса, машыктыруучулары 250 миң сомго ээ болушат. Ал эми 7-орунду алган Краковецскийге 800 миң сом берилип, анын башкы жана жеке машыктыруучулары 200 миң сомдон алышат. 

Мындан сырткары, аталган спортчулар эки жыл бою ай сайын 25 миң сомдон алып турушат. 

Рио олимпиадасындагы Кыргызстандын курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Рио-2016: Кыргызстан эмне үчүн байгеден куржалак калды
Ал эми калган спортчулар алган орундарына карата, 8 миңден 15 миң сомго чейин алып турат. 

Эске сала кетсек, Риодогу Олимпиадага аттанган 19 кыргыз спортчунун ичинен бир гана Иззат Артыков оор атлетика боюнча коло медалга ээ болгон. Анткен менен спортчунун канынан допинг табылып, өлкө жалгыз медалынан кол жууп калды.  

Төрт жыл мурун Лондон Олимпиадасына 14 кыргыз спортчусу аттанып, бири дагы медаль алган эмес. Андагы Олимпиадага Кыргызстандын капчыгынан 81,1 миллион сом жумшалган. 2012-жылкы Олимпиада оюндарында эң жакшы жыйынтык катары Магомед Мусаевдин жетинчи оруну эсептелет. 

Олимпиадачыларды сыйлоо: байге ээлерине кайсы өлкө канча акча бергенин Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0