Атамбаевдин кызы тарткан сүрөттөрүн түшүрүп кийим чыгарды

© Фото / Ажара ШабдановаПрезидент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтчүлүгү менен белгилүү болгон кызы Алия Шагиева. Архив
Президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтчүлүгү менен белгилүү болгон кызы Алия Шагиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шагиева мындай кадамга оорулуу балдарга жардам берүү үчүн барган.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтчүлүгү менен белгилүү болгон кызы Алия Шагиева тарткан сүрөттөрүн түшүрүп кийим чыгарганын өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, "Метамарфозы" деп аталган жеке көргөзмөсүнөн кийин "Коллекционер тепла" деген сүрөтүн футболкага түшүрүп көргөн. Андан соң тааныштарына көрсөтүп, ушундай кийим киет белеңер деп сураган. 

"Менин суроомо көптөр оң жооп бергенден кийин бул тууралуу олуттуу ойлоно баштадым. Мындан акча табайын деген деле оюм жок. Кайрымдуулук ишмердүүлүгүмдү улантууга жол ачылганына сүйүндүм. Албетте, Даун синдрому менен жабыркаган балдарга сүрөттөн түшкөн 200 миң сом берүү жакшы иш, бирок мен андан да бийик максаттарды багынтууну кааладым", — деп жазган Шагиева.

Андан соң сүрөтчү кыз кийим дизайнери Татьяна Кан менен таанышкан. Анын жардамы менен коллекцияга футболкадан тышкары, көйнөк, майка жана балдар кийимдери кирген. Шагиева аны менен эриш-аркак иштеген тобуна ыраазычылык билдирген.

"Мындай кийимдерди сатып алуу менен "Сантерра" коомдук фондунун өзгөчө балдарына жардам бере аласыздар. Муну менен бирге чоң эргүү менен жасалган ыңгайлуу кийим-кечеге ээ болосуңар", — деген сүрөтчү кыз.

Аталган кийим-кече соода борборлорундагы күркөлөрдө сатылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0