БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгын белгилөө учрунда медицина кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштейт. Блу тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдирдишти.
Тишелүү буйрукка министр Талантбек Батыралиев 19-август күнү кол койгон.
"Жогорудагы буйруктун негизинде майрам күнү дарыгерлерден турган бригадалар күчөтүлгөн режимде иш алып барат. Мындан сырктары, "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде өзүнчө бригада болот", — деп айтылат маалыматта.
Тиешелүү буйрук республиканын бардык медицина мекемелерине тиешелүү болуп эсептелет.