Милиционерлер агып бара жаткан адамды сактап калышты

© Фото / пресс-служба МВД КРПатрулдук милиция кызматкерлери. Архив
Патрулдук милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алар терең каналга жетүү үчүн биринин колун бири кармап, чынжырча сыяктуу тизилип жардамга кол сунушкан.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Кайгуул милиция кызматкерлери чөгүп жаткан кишини сактап калды. Бул тууралуу Кайшуул милициясы билдирди. 

Окуя кечээ күнү кечинде Чолпон-Ата жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Экс-министр Кыргызстана Торогул Беков. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Пензада кемпирди сактап калган Беков: сүзө албай бир маалда өзүм да чөгө баштадым
Колун чайкап алууну каалаган киши каналага түшүп кетип, андан ары агып жөнөгөн. 

Милиция кызматкерлери агып бара жаткан кишини Жибек-Жолу жана Чолпон-Ата көчөлөрүнүн кесилишиндеги каналдан көрүп калып, дароо жардамга кол сунушкан. 

Канал терең болгондуктан милиция кызматкерлери бири-биринин колун кармап, чынжырча сыяктуу тизилип агып бара жаткан кишини алып чыгышкан. 

27 жаштагы жаран ооруканадан өзүнө келип, үйүнө чыгарылган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0