Кан чачырата өпкө чапмай, кулак чоймок, бут кийим катмай — кыз узатуудагы салттар

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүҮйлөнүп жаткан жаш жубайларды куттуктоо. Архив
Үйлөнүп жаткан жаш жубайларды куттуктоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күркүрөгөн күз айларынын келиши менен дасторкон нанга, кампа данга толуп, тапырап тойлор өтүп турган чагы. Биздин колумнист Исмаил Мамытов кыз узатуудагы тойдун көркүн арттырып, шатыра-шатман күлкүгө салган салттарды тизмектөөгө аракет кылып көрдү.

Салам, достор. Көптөн бери колумнистика жазбай, сагынып калыптырмын. Буюрса, бул колумнистика менен сагынычты таркатып, тойдогу "мазза" болгон учурларды эстеп көрөлү. 

Тирүүлүктүн бейиши той демекчи, тойлогонго не жетсин. Анда, кеттик эмесе.

Мектепти бүтөөрүбүз менен класстагы 25 бала туш тарапка чачырадык. Ооба, түз мааниде эле чачырадык. Бирөөсү армияга, экинчиси окууга, үчүнчүсү Москвага бет алды. Ар кимибиз өз ырыскыбызды терип жүргөндө Москва шаарындагы классташым чалып калды. Амандаштык, өткөн-кеткенди сураштык. Анан эле үйлөнөм деди… 

Үйлөнүп жаткан түгөйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бойдокчулук менен качан коштошуу керек? Үйлөнүү көйгөйү
Кабарды угарыбыз менен Бишкектеги классташтар чукул жыйынга чогулдук. Бирибиз да буга чейин тойго чыгып көргөн эмеспиз. Билгенибиз — бизге аяш болчу кыз Оштон, ал жакта салттар башкача. Кандай кылсак?

Абалды Ошто окуган классташыбыз оңдомой болду. Ал жоро башчы болот, калганыбыз ары десе ары, бери десе бери басууга баш байладык. Белгиленген күн да келип, Ошко жөнөдүк. 

Москвадан келген досум экөөбүз Бишкектен түз Ошко, ал эми классташтарым Аксыдан чыкмай болушту. Таксиде биз менен теңтуш кыз сапарлаш болуп, билгенин баяндап барды. 

— Майда кылып 20 сомдуктарды сол чөнтөккө, 1000 сомдуктарды оң чөнтөккө салуу керек. Ал эми 100-200 сомдуктарды төш чөнтөккө каткыла. Анткени жеңелер төш чөнтөккө чабуул коюшат. Кокус эле коргонууну жарып кирсе, олжосуна ошол жердеги 100 сомду кармата саласыңар, — деди сапарлаш кыз.

Эгерде эле тартынып, демилгени колдон алдырсак "жылаңач" калышыбызды эскертти. 

Ошентип Оштун кире беришинде Аксыдан чыккан коноктор менен бир сапка тизилип, Отуз-Адырга бет алдык.

Ордолуу Ош жергеси керемет. Өзгөчө Отуз-Адыр абдан кооз, мөмөсү төгүлгөн берекелүү жер экен. Кыз тарап чогулуп, уй мүйүз болуп тосуп алышты. Калган унааларды токтотуп, эң эле кооз жасалган күйөө баланын унаасы менен топ жарып кирдик. Катуу музыканын коштоосунда жеңелер менен кармаш башталды. 

Саймалу-Таш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кеп казына. Кет Буканын олуялыгы: кыз-уланың дүйнө кууп, кырдан качат, сак болгун...
Салт боюнча күйөө баланы унаага катып, көрүндүк сурадык. Жеңелердин көздөгөнү — көрүндүк бербей, күйөө балага жетүү. Тирешүү үч күн, үч түнгө созулгандай болуп кетти. Кезек-кезек болуп эшикти ачпай кайтарып турабыз. Жеңелер болсо көрүндүгүн 3000 сомдон ашырбайт. Көбөйткүлө дейбиз, алар ачкыла дейт… Кыскасы, кармаш табында. Анан эле жеңеси менен жекеме-жеке калып калдым. Эр эңишке чыккандай болуп, бири-бирибизге бербей турабыз го, чиркин… Алым кетип калды. Жеңесинин чарчай турган түрү жок, бөдөнөнүн сүтүнөн сеп эттирип коюп, бийге тартат. Жылып эле кетсем унаанын эшигин ачып алчудай. 

Ошентип көрүндүк 5 000 сомго көтөрүлүп, алдыбызга килем салынганда гана күйөө баланы көрсөттүк. Жеңелер өөх дешти окшойт…

Кирип барарыбыз менен күйөө баланын төшөгү жука экен, Москванын өзүнөн келип жатса деп үч кабат төшөк салдырттык. Ошо менен биздин демибиз өчтү. Үйгө киргизип алгандан кийин жеңелер чабуулун баштады дейсиз… 

Алас айтып келген жеңеси бир силкип өттү. Бир айланбай үч айланганда сол чөнтөк жукара түштү кадимкидей. Анан эле аяшыбыздын сиңдилери келип, жездесинин кулагын чоё баштады. Шокалад берсек көнө турган түрү жок, ал эмес 20 сомдуктарды чанып туруп алышты. Аларга айла жок 200 сомдон карматтык. 

Бир оокумда кызды алып келгиле деп калышты. Баарыбыз чыгып издеп жөнөдүк. Көрсө, аяшыбызды катып коюшкан экен. Аяшыбыз үчүн соодалашууну баштадык. Ызы-чууну сурабаңыз эми… Ошентип аяшыбызга жалпысынан 8 500 сом төлөп, жеңелеринен алдык.

Анан эле ыр кесе бүтүп, эшикке чыгалы десек эле бут кийимдер жок. Жеңелер шыпырып кетишиптир. Кирип бара жатканда кайтарып тур деп жаш балдарга акча карматтым эле. Ал балдардан дайын жок.

Түндүк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Арты кайырлуу болсун, иш илгери, кулдугум бар — маанисин билесизби?
Ошентип жарым саат дегенде баягы туфлиме 2355 сом берип араң алдым. Жеңеси соодага катуу экен… 

Кетерге жакын жеңелер күйөө баласын кийинтишти. Ошол учурда салт боюнча күйөө балага акча кыстармай башталды. Эки жеңеси эки тарабына туруп, кыстарылган акчаны илип кетип жатты. Кулагынан баштап, койнуна чейин акча "кыстарганыбыз" менен жеңелерден жашыра албадык. 

Анан эле пайандос дешип, себетке салынган таттууларды, ичимдиктерди алып келишти. Аны биз 6000 сомго сатып алдык. 

Баса, күйөө бала отурган төшөктөрдү көтөрө чыкканбыз. Аны калтырууга болбойт экен.

Кыздын үйүнөн чыгаар алдында бир жеңеси жаңы гана союлган койдун ысык өпкөсүн көтөрүп келип, эки жаштын желим баштык менен жабылган далысына таптап койду. Эми таптады дегенде кандай… катуу эле чапты. Кыздын ак көйнөгү, баланын костюм-шымы кызыл ала болуп жатып калды…

Ошентип куру чөнтөктөр менен жолго чыктык. Ал эми баланын үйүндөгү салттарды кийинки колумнистикада баяндайбыз.

Ал убактан бери алты жай алмашты, досум менен аяшым бир балалуу, үйлүү-жайлуу болуп Москва шаарында бактылуу өмүр сүрүшүүдө. Аяшымдын болсо тогуз айлык боюнда бар. 

Азыр, шеф чалып жатат окшойт, телефонго жооп берип анан улантайынчы колумнистиканы. Жо-ок, Москвадагы досум турбайбы.

— Алоо, уалекум ассалам, кандай? Уулду болдум дейсиңби, урааа…

P.S. Баягы менин алым келбей жаткан "тың" жеңе Аксыдан классташ балдарым менен барган өзүмдүн эле айылдаш жеңем экен. Ызы-чууда айырмасын билбей эле алыша бериптирбиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0