Роза Отунбаеванын талапкерлиги ЕККУнун Жогорку комиссарлыгына көрсөтүлдү

© AP Photo / Seth WenigКыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева. Архив
Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул кызматка Кыргызстандын өткөөл мезгилинин президентинен тышкары дагы үч адам талапкер болууда.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеванын талапкерлиги Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун (ЕККУ) улуттук азчылык боюнча Жогорку комиссарлыгына (УЗЖК) көрсөтүлдү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган уюмдун Гаагадагы бюросу билдирди. Бул маалыматты ЕККУ алдындагы Германиянын Венадагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы да тастыктады.

Бул кызматка Кыргызстандын өткөөл мезгилинин президентинен тышкары дагы мамлекеттен талапкер көрсөтүлүүдө. Алардын аты-жөнүн маалымат кызмат ачыкка чыгаруудан баш тартты.

"Жогорку комиссар уюмга мүчө 57 мамлекеттин бир добуштан тандоосу менен дайындалат. Ушу тапта талапкерлерди көрсөтүү процесси гана болуп жатат", — дешти маалымат кызматтан.

Азырынча Отунбаеванын өзү менен байланышууга мүмкүн болбой жатат.

Учурда аталган кызматты европа жана миграция иштери боюнча мурунку министр, Швед элдик партиясынан депутат Астрид Турс аркалап келет.

Жогорку комиссардын милдети — улут аралык араздашуунун алдын алуу үчүн көрүлүүчү ыкчам аракеттерди камсыз кылуу. Ал үч жылдык мөөнөткө шайланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0