Меккеде зыяратчылардын ден соолугун кароо үчүн медпункттар иштеп жатат

© AFP / MOHAMMED AL-SHAIKHМеккедеги зыяратчылар. Архив
Меккедеги зыяратчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда дарыгерлер үчүн атайын иш алып баруучу жайлар даярдалып, кыргызстандык жарандарды кабыл алууга даярданууда.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Ажылык сапарга аттангандардын ден соолугу тыкыр көзөмөлдө. Бул тууралуу Меккедеги жыйын учурунда ажылыкты уюштуруу боюнча штабдын өкүлү Равжан ажы Эратов билдиргендигин муфтияттан кабарлашты. 

Меккеге барган зыяратчыларга коопсуздук боюнча сабактар өтүлүүдө - Sputnik Кыргызстан
Меккеге барган зыяратчыларга коопсуздук боюнча сабактар өтүлүүдө
Эске сала кетсек, ажылыкты уюштуруу боюнча штаб менен Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилип берилген дарыгерлер Мекке шаарындагы кыргызстандык зыяратчылардын ден соолугуна кам көрүү максатында жыйын өткөрдү. 

Жыйында Равшан ажы Эратов Кыргызстандан барган зыяратчылардын саламаттыгына кам көрүү максатында эки медициналык пункт түзүлгөнүн, алар күнү-түнү иштеп жатканын кошумчалады. 

Кыргызстандан ажыга сапар алгандардын акыркы тобу 29-августта учуп кетет.

Быйыл ажыга Кыргызстандан 3685 адам барат. Мусулмандык парздын бирин аткарып келүүгө жумшала турган чыгымдын баасы — 2600 доллар.

Жаңылыктар түрмөгү
0