БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. "Автоледи" сынагына байланыштуу Бишкектин айрым көчөлөрү жабыла тургандыгы тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда бүгүн саат 10.00дөн 19.00гө чейин Фрунзе көчөсү Ибраимовдон Шопоков көчөсүнө чейин жабылат.
"Аталган иш-чара кырсыктарды алдын алууга жана жол маданиятын сактоого чакырык болуп эсептелет", — деп айтылат маалыматта.
Кайгуул күзөт милициясы айдоочуларды алдын ала ыңгайлуу каттамдарды тандап алууга чакырат.