БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Бишкектеги Төкөлдөш жаңы конушунун айрым көчөлөрүндө бир күнгө газ өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, көгүлтүр от 25-26 август күндөрү аталган конуштун Кийизбеков жана Армейская көчөлөрүндө берилбейт.
Ишкана мындай аракет газ куурларындагы оңдоо иштерине байланыштуу экенин белгилейт.